Версия для печати
Пятница, 13 Декабрь 2019 09:39

Мэр менен министр Ош шаарындагы жар көчүп кетүүсү коркунучу бар жайга барышты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жар көчүп кетүү коркунучу бар аймакка барды.

Калаа башчысы кооптуу жайда жашап жаткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу абалды жоюу боюнча тапшырмаларды берди.

Шаардык мэриянын көзөмөлүндө архитектура тарабынан долбоор жасалып, кооптуу абалда жоюу боюнча иштерди ӨКМ аткарат. Өзгөчө кырдаалдар министри Н. Мирзахмедов кооптуу аймактагы маселени чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн билдирип, эскертүүлөр берилип келгенин айтты.

Жардын астында жайгашкан жыгач базар менен тоок базарда иштеп жаткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коопсуз жайга жылдырылат.

Маалым болгондой, Шейит-Дөбө аймагындагы (Тоок базардын үстү) Ленин көчөсүндө 32 үй жана Бабарайымов жана Ош көчөлөрүндө 22 турак үйлөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 

Окулду 139 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо