Бүгүн, 12-декабрь күнү Ош шаарынын Таатан соода борборунда Кытай Эл Республикасынын Фошань шаарында өндүрүлгөн курулуш жана жасалгалоо материалдарынын көргөзмөсүнүн ачылышы болду.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Кытай Эл Республикасынын Фошань шаарынын вице-мэри Цяо Юй баштаган делегация мүчөлөрү, шаар тургундары катышты. Көргөзмөгө жалпысынан 33гө жакын ишкана катышып, шаар тургундары курулуш материалдары, чайлардын түрлөрү, бөлмөлөрдү жасалгалоо үчүн буюмдар коюлган.
Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев мындай аталган көргөзмө жеке ишкерлердин өз ара кызматташуусуна өбөлгө түзө тургандыгын билдирип, аталган иш-чара Фошань шаары менен түзүлгөн достук келишимдин адгачкы кадамдары экендигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, ушул жылдын13-июнунда Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинин алдында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Ош шаарынын мэриТаалайбек Сарыбашов Кытайдын 3 шаары менен боордоштук мамиле түзүү боюнча келишимге кол койгон.
Айта кетсек, Фошань шаарынын алгачкы жолу уюштурулуп жаткан көргөзмөсү 22-декабрга чейин уланат.