Версия для печати
Четверг, 12 Декабрь 2019 14:44

Ош шаарынын мэри Кытайдын Фошань шаарынан келген расмий делегация менен жолугушту

Бүгүн, 12-декабрь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Фошань шаарынын вице-мэри Цяо Юй баштаган делегацияны кабыл алды. 

Жолугушуунун алкагында эки тарапатуу саясий-экономикалык, маданий багытында кызматташуу туурасында сөз болуп, инвестиция жана өнүгүү, билим берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов достук мамилеге кол коюлгандан бери алгачкы ирет келген делегацияга Ош шаары тууралуу маалымат берип, эки шаардын кызматташуусу эки өлкөнүн алакасын мындан ары да бекемдөөгө салым кошо тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле, Ош шаарында мөмө-жемиш, эт азыктарын кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү көп экендигин айтып өттү.
Ал эми Фошань шаарынын вице-мэри Цяо Юй өз сөзүндө шаар башчысынын жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, Ош шаарында өндүрүлгөн азык түлүктөрдү экспорттоо багытына кызыктар экендигин кошумчалады. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 13-июнунда Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинин алдында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын 3 шаары менен боордоштук мамиле түзүү боюнча келишимге кол койгон.
  

 

Окулду 144 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо