Версия для печати
Среда, 11 Декабрь 2019 14:40

Төлөйкөн кичи районундагы жаңы сквердин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Төлөйкөн кичи районуна курулуп жаткан сквердин курулушу менен таанышты.

Эс алуучу жай Б. Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабындагы №12 көп кабаттуу үйдүн аркасындагы мыйзамсыз курулуштар алынып салынгандан кийин курула баштаган. Курулуш иштерин мэр менен шаардагы ишкерлердин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында “Золотой квадрат” курулуш компаниясы колго алган. Шаар башчысы ишкерлерди шаардын инфраструктурасын жакшыртууга өз каалоолору менен көмөк көрсөтүүгө чакырган.

Мэр сквер курулуп жаткан “Золотой квадрат” курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Скверге арча, кайың көчөттөрү отургузулуп, түнкү жарыктандыруу, отургучтар коюлган. 
Калаа башчысы жаздын келиши менен көрктөндүрүү иштерин аткаруу боюнча тиешелүү ишкана жетекчилерине тапшырма берди.

 

Окулду 168 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо