Версия для печати
Среда, 11 Декабрь 2019 14:38

Мэр мыйзамсыз курулуштардын ордуна курулуп жаткан кичи скверлер менен таанышты

Бүгүн, 11-декабрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кичи скверлердин курулуш иштери менен таанышып чыкты. 

Шаар мэринин протоколдук тапшырмасы менен Кулатов кичи районунун Кулатов-5 көп кабаттуу үйүнүн жана Черемушки кичи районундагы Абдыкадыров көчөсүндөгү №195- көп кабаттуу үйдүн сырты боёлуп, артына кичи скверлер курулууда. 
Буга чейин аталган көп кабаттуу үйдүн айланасы мыйзамсыз курулуштардан бошотулуп, жашылдандыруу тапшырмасы берилген. 
Калаа башчысы көп кабаттуу үйдүн айланасын жеке тараптар тосуп алууга акысы жок экенин айтып, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда. 
“Шаарды иретке келтирүү иштери уланат. Мыйзамсыз курулуштардан бошотулган жерлерге тротуар курулуп, жашылдандырылат. Алынып салынган курулуштардын, тосмолордун ордуна тротуар, веложол жана жашылдандыруу иштери болуш керек. Биз буздуруу менен чектелбей, жалпы шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн адамдарга шарт түзүшүбүз керек. Шаар шаардай болгону жакшы”,-деди мэр.

Мыйзамсыз курулуштардан бошотулган көп кабаттуу үйдүн артына тротуар, жарыктандыруу, отургучтар коюлуп, айланасы жашылдандырылат. 
Шаар башчысы аялдамалардын курулушу менен да таанышты.

 

Окулду 407 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо