Версия для печати
Вторник, 10 Декабрь 2019 14:34

Мэр Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен Ош шаарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду талкуулады

Бүгүн, 10-декабрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандагы Дүйнөлүк Банктын шаарларды өнүктүрүү боюнча адиси Манжуша Рай айымды кабыл алды. Жолугушууга Испаниялык “Экосистема Урбано” ишканасынын өкүлдөрү Хосе Луис Вальехо, Хорхе Толедо жана мэриянын тиешелүү бөлүм башчылары да катышты. Жолугушууда дүйнөлүк банк тарабынан региондорду өнүктүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоорлор талкууланды.

Калаа башчысы шаарды өнүктүрүүдө жалпы жашоочуларга пайдалуу долбоорлор ишке ашуусуна кызыктар экенин айтып, негизги сунуштарын айтты.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Манжуша Рай сунушталган ар бир долбоор каралып, жакынкы айларда негизги долбоорлор тандалып алынаарын айтты.
“Биз Ош шаары менен Ош облусун пилоттук долбоор катары даярдадык. Негизги максатыбыз шаардын экономикасын көтөрүүгө шарт түзүү. Биздин долбоорду ишке ашырууда элдин пикирин эске алабыз. Бул боюнча мэрия, университет жана мектептер менен да иштешип жатабыз. Бирок бөлүнө турган каражаттар чектелүү. Каражатка жараша долбоорлор тандалып алынат”,-деди банктын өкүлү.

Окулду 109 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо