Версия для печати
Среда, 11 Декабрь 2019 14:32

Ош шаарында өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 11-декабрь күнү Ош шаарынын мэриясында Кыргызстандын Кызыл Ай Коомунун Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу багытында атйын жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Кыргызстандын Кызыл Ай Коомунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Сабиров, ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын Жарандык коргоону бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исмаилов, аймактык башкармалыктардын төрага, төрайымдары жана шаар тургундары катышты.

Вице-мэри Асылбек Топчубаев аталган коом тарабынан МАБтарда өзгөчө кырдаал учурунда чара көрүү боюнча 15 адам атайын окуудан өтүп, жабдыктар менен камсыз кылынгандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдан тартып Кызыл Ай Коомунун Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан «Ош шаарынын аймактык кеңештеринин өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу» долбоору ишке ашып, 2 млн сом акча каражаты жумшалган. Анда аймактык башкармалытагы арык түтүктөрү орнотулуп жана суу тартуу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле, Ош шаарында жайгашкан 25 мектептин окуучуларына “Биринчи жардам”, “Жол эрежелери” жана “Жер титирөөгө даярдык” темаларында маалыматтык сессиялар өткөрүлүп, замбил, дары-дармек салынуучу кутучалар, өрт өчүрүүчү каражаттар орнотулуп берилген. 

Окулду 403 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо