Версия для печати
Суббота, 30 Ноябрь 2019 15:42

Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын Хива шаарына өткөрүп берди

Бүгүн, 30-ноябрь күнү Ош шаарында ТҮРКСОЙ уюмунун Туруктуу Кеңешмесинин 37-отуруму жыйынтыкталып, анын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусун арттыруу багытында келишимдер түзүлдү.

 
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов түрк тилдүү мамлекеттерде 2019-жыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген болсо, 2020-жыл Казакстандын улуу акыны Абай Кунанбаевдин жылы деп белгиленгендигин түзүлгөн келишимдердин негизинде жарыялады.
 
Отурумдун алкагында Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берип, эки тараптуу келишимге кол коюлду. Ага улай Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келген конокторго ыраазычылык билдирип,ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө Ош шаарынан эстелик белектерин тапшырды.
 
Айта кетсек, жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайджан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты. 
Окулду 416 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо