Версия для печати
Суббота, 30 Ноябрь 2019 06:09

Ош шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37- отуруму өтүүдө

Бүгүн, 30-ноябрь күнү Ош шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37- отуруму өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов,  Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов,  ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайджан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышууда.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келген конокторго ыраазычылык билдирип, 2019-жылы “Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун алкагында өткөн иш-чаралар  туурасында айтып өттү.

“Байыркы Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” наамын татыктуу иш жүзүнө ашырып, эстафетаны өз дэңгээлинде өткөрүп берүү алдында турабыз. Бир жыл аралыгында каада салт, үрп-адаттар камтылган маданий иш-чаралар уюштурулуп, түрк тилдүү мамлекеттердин илимпоздору, окумуштуулары, адабиятчылары, чыгармачыл топтордун катышуусунда илимий-конференциялар, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Жемиштүү жылдын ири долбоору жыйынтыгына чыгуу алдында турат. Биз ытымак, биримдик, достук мамилеге жана кызматташууларга жетише алдык”-деди Таалайбек Сарыбашов.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 18-декабрында Туркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Окулду 268 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо