Версия для печати
Четверг, 17 Сентябрь 2015 13:29

А.Атамбаев иш сапары менен Ош шаарында болду

Президент Алмазбек Атамбаев 17-сентябрь күнү Ош шаарына иш сапары менен келди.  Расмий сапарында президент шаардагы жер көчкүдөн жабыркаган  Алмалык айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда аталган айылдагы жашоого кооптуу болгон 25 үй-бүлөгө өлкө башчысы 200 миң сомдон жардам берээрин айтты.

-“Үй куруу үчүн жер уасткаларын тезирээк бөлүп, курулуш иштери кышка калбастан башталышы керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан убактылуу жашоочу үйлөрдү бөлүп, курулуш бүткөнчө жашоочулар жашаганга баардык шарттар түзүлсүн”, - деди А. Атамбаев.

Ошондой эле, жабыркагандарга КРнын ӨКМи тарабынан да материалдык жардамдар көрсөтүлмөкчү.

    Андан соң А.Атамбаев Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүндө курулуп жаткан суу резервуарынын курулушу менен таанышты. Анда, акыркы мезгилде Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан 14 долбоордун курулуш иштери тууралуу калаа башчысы А.Кадырбаев маалымат берди.

  “Каржы тармагы Россия грантынын негизинде көлөмү 6000 м3 болгон Ош шаарында үчүнчү долбоордун курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш ишитери октябрь айында бүткөрүлмөкчү. Мындан сырткары саркынды сууларды тазалоочу жана таза суу кампасын союз мезгилиндеринен бери биринчи жолу толугу менен оңдоп түзөө иштери жүрүүдө.Бул кезге чейин Керме-Тоо, Тээке айылдарында 1000 куб м суу кампасын курулуп, бүгүнкү күндө толугу менен ишке берилген. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен Туран шаарчасында жайгашкан 2000 м. куб таза суу кампасы да курулууда”, - деди А. Кадырбаев.

   КРнын Президенди,  Ош шаарында элди таза суу менен  камсыз кылуу багытында  алгылыктуу иштер жүрүп жатканын баса белгилеп, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бөлүүнү тапшырды. 

Окулду 1660 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо