Ош шаарында “Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу салтанаттуу иш-чаранын жабылыш аземине карата 29-30-ноябрь күндөрү майрамдын иш чаралар уюштурулат.
29-ноябрь
Саат 13:50. “Ак-Ниет” сейил багында “ТҮРКСОЙ” стеласынын салтанаттуу ачылыш аземи.
Саат 14:40. Ош шаарына келген конокторду “Сулайман-Тоо” музейи менен тааныштырып, саякат уюштуруу.
Саат 16:30. Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму тарабынан каржыланып, өзбек тилине которулган “Манас” китебинин бет ачары өтөт.
30-ноябрь
Саат 09:30.“Jannat Resort” мейманканасынын жыйындар залында “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37- отурумунун салтанаттуу ачылышы болот.
Саат 14:30. “Jannat Resort” мейманканасыда “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37-отурумунун жабылышы.
Саат 17:00.Борбордук аянтта коноктор жана шаар тургундарына арналган концерттик программа орун алат.
Саат 18:00. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 2-кабатында - “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун Оштогу сүрөтчүлөр жолугушуусунда тартылган эмгектеринин жана Ашык Вейселдин фотосүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышы.
Саат 18:30. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры “Ош шаары-2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жабылыш аземи.