Версия для печати
Среда, 27 Ноябрь 2019 05:48

Оштогу отун базасында көмүр 4 сом 80 тыйындан сатылууда

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Оштогу өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагында көмүрдүн сатылышын текшерүүгө алышты.

Биринчи вице-мэр Ош шаарынын негизги көмүр менен камсыздап турган «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасына барып, жеринен таанышты. Ош шаарына киребериштеги Фуркат айылындагы «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасында 1 кг көмүр 4 сом 80 тыйындан сатылууда. 
Бир апта ичинде шаардын Манас-Ата кичи районунда да арзан баада көмүр сатуучу жай уюштурулаарын аталган ЖЧКдан кабарлашты. Шаар тургундары арзан баада көмүр базаларынан сатып алышса болот. 
Текшерүүнүн жыйынтыгында өз алдынча көмүр саткан жеке ишкерлер көмүрдүн килосун 5 сом 50 тыйындан баштап, 6 сомдон жогору баада сатып жаткандыгы маалым болду. 
Мэриянын өкүлдөрү көмүрдүн баасын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Окулду 111 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо