Версия для печати
Пятница, 08 Ноябрь 2019 03:59

Ошто эркин күрөш боюнча VIII эл аралык турнир башталды

Бүгүн, 8-ноябрда Ош шаарындагы “ Динамо” спорт клубунда СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед, Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган VIII эл аралык эркин күрөш боюнча турнир башталды.

Мелдештин расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, Абитовдордун жакындары жана спортчулар катышты.
Турнирде Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 300гө жакын спортчулар 14 салмактык категорияда күч сынашууда.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.
Турнир эртен, 9-ноябрда жыйынтыкталат.

Окулду 380 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо