Бүгүн, 19-сентябрда Ош шаарынын мэриясында “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата тазалык акциясынуюшкандыкта өткөрүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Ага шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. Анда тазалык акциясын , шаарда массалык ишемблик өткөрүү 21-сентябрга белгиленди.
Ош шаарында өткөрүлүүчү «Тазалыктын дүйнөлүк күнү» экологиялык акциясы «Эко-Дэми» коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлөт. Ош шаарынын тургундарын жогоруда аталган акцияга активдүү катышыпберүүгө чакырабыз.
Айта кетсек, 15-Сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү. Буга карата жыл сайын дүйнөнүн 157 мамлекетиндетазалык акциялары уюштурулуп келет.