Версия для печати
Вторник, 20 Август 2019 13:57

Мэр борбордук эки көчөнү кыдырып, шаарды иретке келтирүү боюнча тапшырмаларды берди

Бүгүн, 20-августта таң эрте менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын Навои, Масалиев көчөлөрүн текшерди.

Рейдде аталган көчөлөрдөгү тротуарлардын абалы, тазалык, мыйзамсыз курулуштар, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар боюнча жеринде тапшырмалар берилди. Калаа башчысы арыктар өз убагында тазаланбай жатканын жана көчөлөр таштандыдан толук арылбай жатканын айтып, тиешелүү ишканалардын ишин сынга алды.

Мындан тышкары аталган көчөнүн көркүн бузган күркөлөрдү, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактарды алып салуу тапшырмасын берди.

“Уруксатсыз коюп алган күркөлөрдү алып, тротуарларды оңдоонун аракетин көргүлө. Баарыңдын автоунааң бар болгондуктан жөө баспайсыңар. Бул жолдордо канча адамдар жөө басып жатат. Тротуарлардын абалы начар, жолдорго күркөлөр коюлган. Адамдар баскан жолдорду оңдошубуз керек. Шаарды шаардай кылыш үчүн тынымсыз мээнет керек. Шаарды иретке келтирүү иштери токтобойт. Эң биринчи кезекте тазалык, тартип болуш керек”,-деди мэр.

Шаар мэринин күтүүсүз текшерүүлөрү уланат. 

Окулду 416 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо