Версия для печати
Вторник, 02 Июль 2019 10:26

Таң эрте көчө кыдырган мэр бир канча ишкананын ишин сынга алды

Бүгүн, 2-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таңкы саат 05:30дан баштап шаардагы Курманжан датка көчөсүн кыдырып чыкты.

Мэр менен рейдке кошо чыккан вице-мэрлерге, жетекчилерге тапшырмалар берилди. Калаа башчысы арыктарды тазалоо, жөө адамдар басуучу жолдорго курулган курулуштарды жана эскирген көрнөк-жарнактарды алып салуу тапшырмасын берди.

“Борбордук көчөдөгү арыктар жакшы тазалаган эмес. Көзөмөлгө алгыла. Тротуарга курулган курулуштардын ээлерине эскертүү берип, бузуп салгыла. Тазалыкка да өзгөчө көңүл бургула. Мен бул көчөгө кайрадан келип, берилген тапшырмалардын канчалык аткарылганын текшерем. Анткени шаар деген шаардай болуш керек. Ал үчүн биз тынымсыз аракет кылышыбыз зарыл. Жол четиндеги ар кандай жеке ишканалар, дүкөн ээлери эшигинин астын оңдоп, гүл эгиш керек”,-деди шаар мэри.

Мэрдин шаардагы көйгөйлөр менен жеринен таанышуу иштери уланат. 

Окулду 170 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо