Версия для печати
Суббота, 16 Март 2019 11:02

"Тазалык жана көрктөндүрүү иштери бир гана ишембилик менен чектелбейт",-Сарыбашов

Ош шаарында массалык ишембилик өтүүдө. Шаардын аймагын тазалоо, актоо-сырдоо иштери жана көчөттөр отургузулууда.

Ишембиликке калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, вице-мэрлер, шаардык кеңештин төрагасы Ж. Ормонов баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер жана шаар тургундары активдүү катышууда.

Мэр Манас-Ата кичи районунда көчөт отургузуп, тазалыкты сактоого чакырды.

“Тазалык, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери тынымсыз жүрөт. Бир гана ишембиликте тазалоо керек деген түшүнүк болбош керек. Тазалык ишембилик менен чектелбейт. Шаардын тазалыгы боюнча тиешелүү кызматтарга күн сайын тапшырмаларды берип, көзөмөлдөп турабыз. Ар бир жаран тазалык үчүн салым кошуусу керек. Жаз келип көрктүндрүү иштери башталды. Көчөттөрдү отургузуп жатабыз. Жакында шаар аймагына 2 млн го жакын гүл отургузулат”,-деди мэр Т. Сарыбашов.



Сүрөттөр:


https://drive.google.com/open?id=1Xoy_z7O0P63fHPu5KsXj-IKn5Jt3LUCf

Окулду 444 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо