Версия для печати
Четверг, 21 Февраль 2019 17:20

Оштун Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабындагы курулуштар толук алынып, көрктөндүрүлөт

Ош шаарынын Т. Кулатов кичи районунун Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабындагы (чыгыш тарабы) курулуштарды да алып салуу иштери жүрүүдө. Жүрүп жаткан иштер менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабар алып, көп кабаттуу үйлөрдүн асты башаламан соода жайга айланбай, көрктөндүрүлөөрүн билдирди.

Буга чейин аллея курулуучу жайдагы курулуштар алынып салынган. Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп, жарыктандырылат. Атайын адамдар басуучу жолдор курулмакчы.

“Ошэлектро” ААКнын, электр тармактар ишканасынын жана архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кайрылууларында Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабы жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчүнүн астында болуп, курулуштарды алып салуу боюнча айтылган.

Бүгүнкү күндө 31 даана контейнер алынып салынды. Ал жайда жалпы 82 даана ар түрдүү курулмалар, 650 метр тосмо, 3 автоунаа жуучу жай, бир банк алынып салынат.

Окулду 334 жолу

Медиа

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо