Версия для печати
Среда, 13 Февраль 2019 14:37

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа кеңейтилет. Бүгүн, 13-февралда калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов Т. Кулатов кичи районунда аткарылып жаткан иштер менен таанышып, авто тыгындарды азайтуу үчүн айланпанын эки тарабынан тең жолду кеңейтүү керектигин айтты. Бүгүнкү күндө кеңейтүү үчүн жол салына турган жердеги курулуштарды алып салуу иштери жүрүүдө.

Мэр аллея курулуучу жерди да көрүп, куруучу адистерге сунуштарын айтты.

Аллея курула турган жердеги курулуштар алынып, жолдун экинчи тарабындагы соода-түйүндөрүн алып салуу иштери башталды.

Осмонов көчөсүндөгү узундугу 850 метр аллеянын курулушу жаз айында башталып, күзүндө пайдаланууга берилүүсү пландалууда.


Cүрөттөр:

https://drive.google.com/open?id=1hYOw4L-A6s_OBeezNfmW9CPWH4dhYX24

Окулду 530 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо