Бүгүн, 6-декабрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы ишкерлер менен жолукту. Жолугушууга тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери да катышты. Калаа башчысы шаардын эле эмес, өлкүнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө ишкерлердин салымы чоң экендигин билдирди.
“Биздин милдет экономиканы көтөрүү, бизнес чөйрөнү жакшыртып, тургундарга жакшы шарт түзүү. Ош шаарынын мэриясы инвестиция тартуу, кичи жана орто бизнести колдоо, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү багытында такай иш алып барууда. Жергиликтүү бийлик ар дайым ишкерлерди ар тараптан колдоого даяр. Шаарыбыздын, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө биргеликте салым кошолу. Кандайдыр бир тоскоолдуктар болсо ачык айткыла. Мыйзам чегинде жардам беребиз. Ишкерлерге сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө колдоо көрсөтүүбүз керек”,-деди Т.Сарыбашов.
Өз кезегинде ишкерлер сунуш пикирлерин айтып, алдыга койгон иш пландары тууралуу шаар жетекчиси менен ой бөлүшүштү.
Ошондой эле, муниципалдык мекемелердин жетекчилери , алдыда аткарыла турган пландар, долбоорлор тууралуу ишкерлерге маалымат берип, ар тараптуу кызматташууга чакырды. Жыйын соңунда айрым ишкерлер шаардын өнүгүүсү үчүн жөө адамдар басуучу жолдорду оңдоого, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын сырдоого жана эс алуу багындагы айрым иштерге колдоо көрсөтөөрүн айтышты.