Версия для печати
Пятница, 16 Ноябрь 2018 08:39

Ош шаарынын мэри элдин көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү тапшырмаларды берди

Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Туран, Курманжан-Датка-2 аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту.

Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач аймактык кеңештердин төрагалары аймакта жыл башынан бери аткарылган иштер жана аймактагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. 
Таалайбек Сарыбашов мындай жолугушуу көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзөөрүн билдирип, алдыга коюлган иш пландар менен ой бөлүштү. 
Жолугушуу суроо -жооп менен уланып, ар бир маселе боюнча шаар жетекчиси тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшырмаларды берди. Тургундар шаар жетекчисине электр энергиясы, тазалык, ички жолдорду оңдоо, маршруттук каттамдарды жөнгө салуу, бала бакча, мектеп жана ооруканалардагы коррупцияны жоюу боюнча маселелерди айтып кайрылышты. Элдер тарабынан айтылган бардык сунуш-пикирлер, кайрылуулар протоколго катталды. 
Айта кетсек, шаар мэринин жолугушуулары шаардын башка аймактык кеңештеринде уланат.

 

Окулду 324 жолу

Медиа

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо