Ошто “Адамзаттын Айтматову: өтмүш, учур жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү
Бүгүн, 2-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Адамзаттын Айтматову: өтмүш, учур жана келечек” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага КРнын Президентинин кеңешчиси Султан Раев, Кыргызстан, Өзбекистан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын профессорлору, жазуучулар, мугалимдер, студенттер катышты.
Конференциянын негизинде, “Ч.Айтматовдун каармандары сүйлөшөт” аттуу композиция, Айтматовдун китептеринин жана жазуучуга арналган көркөм сүрөттөрдүн көргөзмөсү, студенттер тарабынан даярдалган “Таазим Сизге-Чыңгыз Ата” аттуу театралдашкан үзүндүлөр көрсөтүлдү.
Ошондой эле, “Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү”, “Ч.Айтматов-Түрк дүйнөсүнүн даанышманы”, “Ч.Айтматовдун өзбек маданиятына тийгизген таасири”, “Ааламдашуу доору Ч.Айтматовдун ой жүгүртүүсүндө”, “Каардуу жылдардын каармандары” аталышындагы темаларда баяндамалар окулду.