Версия для печати
Понедельник, 13 Июль 2015 05:45

Буга чейин менчиктештирилип кеткен 46 балдар бакчасы муниципиалдык менчикке алынат

 

   Ош шаардык мэриясынын кезектеги аппараттык жыйынында  калаа башчысы А.Кадырбаев буга чейин  менчиктештирилип кеткен 46 балдар бакчасын муниципиалдык менчикке алуу багытында мыйзам талаасында мыйзам чегинде тезинен иш- аракеттерди жүргүзүү  керектигин вице-мэр Ж.Ормоновго милдеттендирди.

 

    А.Кадырбаев коомчулук арасында  курч сын пикир менен чоң талкууну  жараткан  баштагы “Шелкомбинат” скверинин жана скверде жайгашкан  В.И.Лениндин эстелигинин абалы туурасында кандай жумуш аткарылып жаткандыгы туурасында  сурады.

 

   Вице-мэр Ж.Ормонов: Бул максатта иштер жүрүп жатат. Парктын жана парктын айланасын инвентаризациядан өткөрүү жана  жер кыртышын изилдөө (топосиемка)  иштеринин  70 пайызы аткарылып калгандыгын маалымдады.

Аппараттык отурумда мэр  вице-мерлер менен бөлүм башчыларды 2014-2017-жылдарда Ош шаарын өнүктүрүүнүн план-программаларынын негизинде иш алып баруу зарылдыгын эскертти.Ошондой эле кезектеги август конференциясын жогорку деңгээлде  өткөрүү максатында уюштуруучулук иштерди алып баруу менен мектептерди толук  интерактивдик доскалар менен камсыздоо керектигин тиешелүүлөргө табыштап, эл менен болгон жолугушуулардагы протоколдук тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

 

Окулду 2220 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо