Версия для печати
Вторник, 23 Октябрь 2018 09:03

Оштогу көп кабаттуу үйлөргө домофон орнотуу иштери башталды

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн подъездерине домофон орнотуу иштери башталды. 

Алгачкы домофон орнотуу шаардын Жим көчөсүндөгү 9 кабаттуу үйгө орнотулду. Аткарылган иш менен вице-мэр Асылбек Топчубаев таанышып чыкты. Домофон орнотууга кеткен каражаттын 70 пайызын жашоочулар, 30 пайызын шаардык мэрия каржылайт.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерине домофондорду орнотуу керектигин айткан.

 

Окулду 394 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо