Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калаадагы бала бакчалардын кышка даярдыгын текшерип чыкты.
Алгач № 27 «Чабалекей» балдар бакчысынын отканасынан кабар алып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Аталган бала бакчадагы откана 1975 – жылы курулган. Ушул жылы откана толук реконструкцияланып, 670,0 миң сом сарпталган.
Шаар мэри Жапалак айыл аймактык башкармалыгындагы «Арча Бешик» балдар бакчысынын отканасынын текшерип, тарбияланып жаткан балдар менен да баарлашты. Бала бакчадагы ажаткананы толук оңдоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
Мындан тышкары жаңыдан курулган №17 балдар бакчасынан да кабар алды. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнө жылуулук берилип, аба ырайына карап жалпы шаардыктарга жылуулук берилет.