Версия для печати
Четверг, 11 Октябрь 2018 14:03

Оштогу коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке берилет

Оштогу коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке берилет Бүгүн, 11-октябрда Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин кызматкерлери ЖМКнын өкүлдөрүнө коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системаларды ишке киргизүү долбоору жөнүндө атайын маалымат жыйын өткөрүштү.

-“ Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биз Чехия республикасынын “Микроэлектроника” компаниясы менен келишим түзгөнбүз. Муниципалдык коомдук транспорттордо жүрүү эки тартипте болот. Накталай акча төлөө жана жүрүүчү транспорттук картанын негизинде. Карталар ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн, окуучулар үчүн жана жалпы жарандар үчүн болуп үч түргө бөлүнөт. Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт. Ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Учурда шаардагы троллейбустарга жана автобустарга атайын аппараттар орнотулуп, системалар адистер тарабынан текшерилип бүттү. Долбоорду октябрь айынын аягында ишке ашырууну пландап жатабыз”,-деди шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин директору Мурзабек Дубанаев.

Айта кетсек, транспорттук карталар Ош шаарынын муниципалдык автоунаа ишканасында сатылат. Картаны алуу учурунда жарандарда паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт. 

Окулду 480 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо