Версия для печати
Четверг, 11 Октябрь 2018 14:00

Ош шаарынын кышка даярдыгы талкууланды

Бүгүн, 11-октябрда Ош шаарынын мэриясында 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды көрүү боюнча штабдын жыйыны болуп өттү. 

Жыйынга шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардык жылуулук электр борборунун, «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык мекемесинин, электр тармактар ишкансынын, саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери, шаардагы мекеме ишканалардын, аймактык кеңештердин төрагалары катышты.

“Учурда Оштогу жылуулук электр борборунда 3 даана буу казандар толугу менен кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. Ошондой эле, жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактар, муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасындагы 80 откана жылуулук берүүгө толугу менен даяр. Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы ушул жылга каралган техникалык тейлөө планы боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын жана чатырларын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде атайын иш-чаралар уюштурулуп, көп кабаттуу үйлөрдө жылытуу системаларын оңдоп-түзөө иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми, Саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелер 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүгүнө даярдык көрүү иштери толугу менен бүткөрүлүп, жылуулук алууга даяр. Мындан сырткары, элге көмүр даярдоо боюнча тапшырма аймактык Кеңештерге жеткирилип, шаарыбызда 15 жерде көмүр сатуучу пункттарды уюштурулду. Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан 2017-2018-жылдардагы кыш мезгилинде жолдорду кардан тазалоо жана тайгактарына каршы материалдар даярдалды»,-деп маалымдады А.Топчубаев.

Көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын оңдоп түзөө жана чатырларын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча түшүндүрүү иштерин дагы күчөтүүнү аймактык кеңештин төрагаларына жана тийиштүү жетекчилерге тапшырылды.

Окулду 258 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо