Версия для печати
Воскресенье, 05 Июль 2015 22:25

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын тазалыгын тешерди.

        Анын негизинде шаардын Курманжан-Датка, Алымбек-Датка, Ак-Буура аймактык кеңештеринде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун текшерип, жашоочулар менен ой бөлүштү.

        Айтмамат Кадырбаев жашоочулар таштандыларды туура эмес жерлерге таштабай, төлөмдөрүн өз учурунда төлөп турушса шаардын тазалыгына чоң колдоо көрсөтүшкөн болор эле деп белгиледи.

      “Шаарыбызды таза кармоо үчүн көп аракеттер жумшалып жатат. Анын негизинде 2015-жылдын март, апрель айларынан баштап  “ Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан “Таза короо” долбоору иштеп жатат. Долбоор шаардын тазалыган жакшыртуу максатында кошумча 50 адамды жумушка алып, учурда алар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоо жумуштарын аткарууда. Калаанын  тазалыгы ар бирибиздин колубузда. Ошондуктан шаарбызга өз үйүбүздөй мамиле жасап, тазалыкка кайдыгер карабайлы. Шаардын тазалыгы үчүн, биз тараптан аткарылып жаткан иш-аракеттерди колдоп беришиңиздерди сиздерден суранып кетер элем. Болгону “Ош-Тазалык” кызматкерлеринин эмгегин баалап, таштандыларды туура эмес жерлерге таштабай, убагында төлөмдөрүн төлөп турсаңыздар. Тазалаган жер эмес , булгабаган жер ар дайым таза болот ”,-деп билдирди калаа башчысы А.Кадырбаев.

      “ Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаровдун айтымында “Таза короо” долбоорунун негизинде алынган кошумча 50 жумушчу эки топко бөлүнүп, биринчи топ 134 көп кабаттуу үйдү, ал эми экинчи топ 114 көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалап кароодо. Башкача айтканда жалпысынан 248 көп кабаттуу үйлөрдү тээлеп, анын ичинен №10 “Курманжан-Датка” аймактык кеңешинде 86, №7 Ак-Буура аймактык кеңешинде 52, №Алымбек-Датка аймактык кеңешинде жайгашкан 110 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору тазаланып жатат.

        Аталган аймактын жашоочулары шаардын тазалыгы өткөн жылдарга караганда бир топ жакшырып, үйлөрдүн короолору да таза болуп тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн билдиришти.

 

 

 

 

 

 

 

 

 
Окулду 4465 жолу

Медиа

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо