Версия для печати
Четверг, 09 Август 2018 05:10

Мэр 218-кварталындагы таш кулоо коркунучу бар аймактан кабар алды

Бүгүн, 9-август күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов №5 “Керме-Тоо” аймактык кеңешинин 218-кварталынын түндүк тарабындагы кулап кетүү коркунучунда турган аймактан карабар алды. Керме-Тоонун түштүк экспозициясындагы анчалык чоң эмес көлөмдөгү тоо кыркасында жаракалар пайда болуп, кээ бир бөлүкчөлөрү толук түрдө кулап түшпөгөндүктөн, тоо бөлүкчөлөрүнүн кулап кетүү коркунучу сакталуу бойдон калып, кооптуу абал жаратып жатат.

“Аталган тоо бөлүкчөсүн жергиликтүү жашоочулар уруксатсыз жогорку температурада ыссытуу жолу менен атайын бөлүкчөлөргө бөлүп, курулуш жана өндүрүштүк багыттарга пайдаланып келгендигине байланыштуу көпчүлүк бөлүгү толук түшүрүлбөгөндүктөн таштардын кулап кетүү коркунучу жаралып кооптуу абалга келгендиги аныкталды. Ошондуктан борбордон атайын адистерди чакырып жатабыз” –деди КРнын ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Н.Баймуратов

Мэр Таалайбек Сарыбашов тез аранын ичинде чара көрүү тапшырмасын берип, Ош шаарынын мэриясы тарабынан колдоолор боло тургандыгын кошумчалады.

Окулду 612 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо