Версия для печати
Понедельник, 30 Июль 2018 04:20

Ошто мамлекеттик кызматкерлер сууга сүзүү боюнча мелдешти

Бүгүн, 30-июлда Ош шаарында 30-июль - Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата “Дельфин”  бассейнинде сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү.

Ага Ош шаарында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык  мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү жана медицина  кызматкерлери катышты.

Мелдеш эркектер жана аялдар арасында жаш курагына жараша төмөнкү 3 тайпага бөлүнүп өткөрүлдү:

1-тайпа- 25 жашка чейин

2-тайпа- 35 жашка чейин

3-тайпа- 40 жашка чейин.

Мелдешке 50дөн ашуун адам катышып, жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, медалдар  жана дипломдор тапшырылды.

Окулду 663 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо