Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата Ош шаарында театралдаштрылган чоң программадагы майрамдык салтанат болууда. Иш чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Орусия федерациясынын жана Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы консудары, Жогорку кеңештин депутаттары, согуштун жана оруктун ардагерлери, шаар тургундары катышууда.
Салтанатты Түштүк-Батыш аскер гарнизонунун кол башчысы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге аскердик парад даяр экендигин билдирүү жасаган соң башталды.
Анда калаа башчысы ардагерлерди куттуктоосунда Улуу Ата Мекендик согушта өз Мекенинин көз карандысыздыгы үчүн болгон улуу курмандыктар, оорду толгус жоготуулар, ченеми жок азап чегүүлөр менен коштолгон Улуу Жеңиш- көп улутуу Совет элинин биримдиги жана чыдамкайлыгы, ынтымакка ширелишкен кайратмандыгы менен гана келгендигин белгиледи.
“1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта жалпы совет элинин анын ичинде кыргызстандык жалтанбас эр азаматтар фашисттик Германияга жана анын союздаштары Италия, Венгрия, Руминия, Финляндия жана Японияга каршы үз мекенинин көз карандысыздыгы үчүн күн-түн ажал оту менен арбашып, салгылашышкан. Тарыхтын кан көйгүн ал кездеги барактарына үңүлсөк Ош шаарынан 14231 жокер кан майданга аттанып, анындан 3118и согуш майданынан кайтпай калышкан. Бул каардуу согуштун кара тагы каптабаган, согуш ызаасын тартпаган бир да үй бүлөө жок экендигин кейиштүү белгилөөгө болот. Согушка аттанып, кан майдандан эсен-аман кайтып келген ардагерлерибиздин саны күндөн күнгө азайып барууда. Аларга болгон урмат сыйбызы жогору”, - деди А. Кадырбаев.
Андан соң, Ош шаарынын мэриясынын атынан калаадагы 26 ардагерлердин ар бирине 70 миң сомдон акчалай сыйлыгын тапшырды.
Эске сала кетсек, кечээ 8-май күнү тылда эмгектенген 54 ардагердин ар бирине мэрия тарабынан 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырган.
Ош шаарында жалпысынан 26 согуштун, 54 тылдагы эмгектин ардагери жашайт