1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пятница, 03 Июль 2015 13:44

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош Урбан форум” тууралуу ой бөлүштү. Анда шаардын келечеги, аткарыла турган пландар жана өнүгүү концепциясы тууралуу айтып берди.

-Ош шаарынын  келечекте өнүктүрүүнүн пландары туурасында ой бөлүшсөңүз...

- Албетте.Ош шаарынын өнүктүрүүнүн  консепциялык планы иштелип чыккан. Мен шаар башчылыгына  шайланган алгачкы  эле күндөрү Түштүк калааны өнүктүрүүдө эң алгач  жергиликтүү башкаруу жана аткаруу органдарында коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, акыйкатсыздыктын алдын алуу жана болтурбоо, шаар чарбасын башкарууга жана  шаардын инфраструктурасын өркүндөтүүгө шаардыктардын өзүн активдүү катыштыруу абзел экендигин баса белгилегем.

Бөтөнчө турак жай, коммуналдык чарба, курулуш, саламаттыкты сактоо, коомдук транспорт, коопсуздук жана башка багыттардагы  көйгөйлүү маселелерди мурдагыдай эле калыптанып калган ыкмалар менен же жылдык бюджеттик пландоонун чегинде чечүүгө мүмкүн эместигин турмуш ырастоодо. Андыктан, комплекстүү мүнөздөгү,  узак убакыттагы келечекти камтыган, көп субьекттер жана каражаттардын булактары тартылган башкаруунун жаңы усулдарын пайдалануунун зарылдыгын ачык айкын туюуу менен калааны заманбап  өнүктүрүү маселесинде бир топ принципиалдуу кыйынчылыктарга кептелгендигибизди да жашырбаймын. Өнүгүүгө тоскоол болгон критерийлердин  башкысы катары мен төмөндөгүлөрдү айтаар элем. Ушул кезге чейин  Ош шаарынын башкы  планы түзүлбөгөндүгү жана андан улам акыркы жылдардагы башаламан сапатсыз  курулуштардын, көптөгөн жеке менчик тибиндеги кыймылсыз мүлктөрдүн  пландалбаган шартта салынышы. Жаңыча өнүгүүнүн структурасын  түзүүгө жөндөмдүү жана аны турмуштук жүзөгө ашыруучу органдын жоктугу. Узак мөөнөттүү программалардын жана аны  ишке ашыруунун долбоорлорунун жоктугу жана дагы ушул сыяктуу жагдайлар өнүгүүгө “бут тосууда” десем болот.

-Масштабдуу, чоң проекттер менен иш алып баруу мэриянын планында барбы? Шаар бийлиги  алдыңкы 5 жылдыкта эмне өзгөрүүлөр болоорун  болжолдоп жатабы?

-  Сиз белгилеп өткөн  алдыңкы беш жылда  буюрса Ош шаарын өлкөнүн Түштүгүнүн  чыныгы борбору жана Борбордук Азиядагы негизги байланыш түйүнү, жашоонун жогорку деңгээли жана  сапаты бар заманбап шаарга  айлантуунун алгачы этабы катары таанылат.Өнүгүүнүн негизги рычагы катары  эң оболу Ош шаарынын башкы планынын долбоору  Өкмөттүк деңгээлде, Жогорку Кеңештин депутаттарынын  жана тиешелүү адистердин, жергиликтүү коомчулуктун ошондой эле жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга  алынды.

Учурда  Ош шаарынын  муниципиалдык менчигинин  реестри такталууда. Ош шаары суунун башында болгону менен көп жылдар аралыгында  таза суу маселеси  чечилбей келген. Тез арада бул көйгөйдү чечүүнүн жолун издедик. Бул багытта мэриянын Азия Өнүгүү Банкы жана Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банктары  менен кызматташтыгынын алкагында Азия Өнүгүү Банкы тарабынан 11млн.890,) миң АКШ доллары,, Европа Өнүктүрүү жана Рекструкциялоо Банкы тарабынан  8 млн.450,0 миң Евро каражаты каралды. Учурда сыйымдуулугу 6000м.куб болгон 2 резервуардын курулушу  аталган банктардын каржылоосу менен башталды. Мындан сырткары жогорудагы эле сыйымдуулуктагы дагы бир резервуардын реаблитациялоо иштерине республикалык бюджеттин эсебинен 59,0 млн. сом бөлүнүп, учурда суу түтүктөрүн жаңылоо иштери  кызуу жүрүп жатат.

Ошондой эле  саркынды сууларды тазалоо багытында да эң чоң проект аткарылып, сапаттуу металлдардан жасалган жаңы технологиядагы жабдуу түтүктөрү орнотулуп жатат. Мындай саркынды сууларды тазалоо жабдууларды Кыргызстанда эле эмес Орто Азияда жок. Буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорудагы проектерди ишке  ашыруу менен 2016-жылдан тартып Ош шаарында таза суу көйгөйү толугу менен чечилет.

Социалдык багыттагы дагы бир эң чоң проект  бул  заманбап  оорукана  салуу. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой  шаардык оорукананын имараты өткөн кылымда курулуп, эскилиги жеткен. Мен жакында эле  Кытай Эл Республикасынын  посольствосунун  соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Суй Жэ мырзаны  кабыл алдым. Эки тараптуу кызматташуунун алкагында  “Ак-Тилек” кичи шаарчасына 150 орундуу оорукана менен күнүнө 200 бейтапты кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар поликлиниканын имаратын куруу  багытында макулдаштык. Оорукананын сметалык  баасы болжол менен  42 млн юанга барабар.Оорукана менен  поликлиниканын имараты 4 кабаттан туруп, корпустары 3 бөлүккө бөлүнүп, бири-бири менен галерея  аркылуу туташкан уникалдуу проект. Бул заманбап үлгүдө курулган оорукана Ош шаарынын тургундары үчүн эле эмес, бүтүндөй Түштүк региондун жашоочуларынын саламаттыгына кызмат кылат.

Ал эми шаар тургундарын  жана жүргүнчүлөрдү сапатту тейлөө максатында  Европа Өнүктөрөө  жана Реконструкциялоо Банкы  тарабынан  каржылануучу 8,5млн.еврого  20 трелейбус, 24 автобустарды сатып алуу маскатында учурда  аракеттер көрүлүүдө.

Мындан сырткары Ош шаарындагы автотыгындарды азайтуу максатында  24 км. айланпа жолду куруу үчүн азыркы учурда бир нече долбоолор сунушталууда. Анын бири Бишек-Ош трактатынан “ Амир-Тимур” аймактык кеңеши аркылуу Озгур айылына түшүп, “Курманжан-Датка” аймактык кеңешине келип, Ак-Буура дарыясы аркылуу “Туран” аймактык кеңешине өтөт. Эгер бул долбоор ишке аша турган болсо, бул кезге чейин Ак-Буура дарыясы аркылуу көпүрө курулушунда жана суунун эки жагында эч кандай снос иштери жүргүзүлбөйт. Анткени, бул аймактагы жерлердин баары Муниципиалдык менчикке карайт. Ал эми “Туран” аймактык кеңешинен ары “Дачный” учаткалары аркылуу Ноокат-Исфана тарссасына чыгып кетет. Дачный участкаларынын жолдору да стандатрка ылайык салынган.   Буюрса,  жолдун курулушун келерки жылда баштообуз керек.Бул  мамлекет  башчыбыздын тикелей тапшырмасы.

Келечекте жергиликтүү жана республикалык бюджеттин жана инвесторлордун каржылоосу менен  1000 батирлүү жаңы көп кабаттуу турак  үйлөрдүн курулушу, Кыргызстан Футбол Федерациясынын Футбол академиясын Ош шаарында курулушу,  Япония өкмөтүнүн  гранттык программасынын алкагында И.Раззаков көчөсүнүн 5 кесилиш жерине автоунаалардын мамлекеттик номерин видеофикация кылуучу видео камераларды жана светодиёдный жол чырактарды орнотуу,  сметалык  баасы 1,0 АКШ доллары 15,0 млн.сомго барабар “Манас-Ата” аймактык кеңешинде спорт комплексин куруу,  Ош шаарына  электрондук китепкананы ачуу,   курулуш наркы 17,3 АКШ долларга  тете Ош шаардык  балдар оорукананы куруу иштери пландаштырылган. Ошондой эле шаар ичиндеги автотыгындарды азайтуу максатында  Ленин көчөсү менен Исанов көчөсүн бириктирүүчү  көпүрөөнү куруу  багытында  жер кыртыштарын иликтөө иштери жүрүп жатат.Соңунда техникалык, сметалык негиздемелери жасала баштайт.Эң башкысы келечекте Ош шаарын электрондук шаарга айлантууга далалатыбыз чоң.

-2014-жылы Бишкекте Урбан Форумга катышып жатып, ушундай эле форумду Ошто өткөрүүнү каалаган элеңиз. Учурда ал проект жүзөгө ашуу алдында турат. Форум Ош шаарынын келечегине  кандайча таасир  бериши мүмкүн?

-Аталган Форумдун  Ош шаарында  өтүшү менен  Ош шаарынын байыркы 3 миң жылдык тарыхында ар түрдүү маданияттын жана  конфессиялардын  артыкчылыгында   калаанын  инфротүзүмүнүн өнүгүүсүнө жана  шаардыктардын маданий жана турмуш деңгээлин жакшыртууга түздөн –түз катышышуусуна стимул болуп берет деген ишенимдемин. Ошондой эле  шаардын экономикалык потенциалын  колдонуу менен инвесторлорго да жагымдуу чарбалык климатты түзүүгө өбөлгө болмокчу. Жалпыга маалым болгондой эркин мамлекетибиздин экинчи борбору аталган ордолуу Ош шаары элинин меймандостугу, жеринин өзгөчө кооздугу менен Ордо Азия чөлкөмүндө башкалардан айырмаланып турат. Айтылуу Ак-Буура дарыясы менен  дүйнөлүк баалуу мурастардын катарына кошулган касиеттүү Сулайман-Тообуз  сырттан келген конокторду гана эмес, жергиликтүү элди да  дайыма  суктантып жана сыймыктантып келет. Улуу Жибек жолунун чордонунда жайгашкан  отуз кылымдык мааракеси даңазалуу белгиленген Ош калаасында Урбан Форумдун өтүшү касиеттүү шаарыбыздын мартабасын дагы бир ирет ашырат. Борбордук Азия цивилизациясы касиеттүү Ош калаасы менен тыгыз байланышта каралган өңдүү, түптүү маданиятыбыздын тарыхы дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын  бири болгон  Ош менен ажырагыс бүтүндүктө чет элдик мамлекеттердин  назар бутасына илинет  деген пикирдемин. Кыскасы цивилдүү өлкөлөргө шаарыбыздын өнүгүү дарбазасы кенен ачылып, шаар турмушуна шаар тургундары активдүү аралаша баштайт. Баса белгилеп кетүүчү  жагдай шаардыктар  шаардын инфраструктурасын жакшыртууга  өздөрү демилгечи болууга   ынтызарлыгы артат.

–Шаарга, шаардыктарга, шаар бийлигине Сиздин каалооңуз...

-Биз Ош шаарынын  инфраструктурасын жакшыртуу аракетин көрүү менен  шаар тургундаранан тартып, мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга, башкаруу органдарына чейин жамааттардын ар түрдүү катмарларынын кызыкчылыктарына таянып иш жүргүзүүгө багыт алдык. Жергиликтүү жарандар кызыккан тараптарга, тармактарга тиешелүү шарттардын түзүлүшүнө жоопкер болуу менен катар жарандарга да милдеттемелерин тануусун шарттаганы турабыз. Качан гана  шаардын ар бир тургуну шаардык коомчулуктун  позитивдик маанайдагы активдүү мүчөсү болгондо  жана   Ош шаарын ыйык баалап, сүйгөндө гана шаардыктар Ош шаары менен бирге өнүгүүгө карай  тикелей багыт алат. Ал эми  Ош шаардык мэриянын  башкаруу түзүмүн өркүндөтүү аркылуу муниципиалдык кызматтардын ишмердигин  жогорулатат.Муниципиалдык бийлик  органдарынын  кадыр- баркын өстүрөт. Жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен муниципиалдык кызматкерлердин кызматтык маданияты жогорулап, тийиштүү муниципиалдык кызматтар менен оптималдуу байланыш түзүү мүмкүндүгү жаралат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү шартында социиалдык-экономикалык проблемаларын чечүүдө коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылат. Демек,  муниципиалдык бийлик  органдарынын ишмердүүлүгү  жакшырат.

Мен шаар башчысы  катары шаар тургундарын   Ош шаарынын чарбалык, экономикалык, маданий турмушуна өз идеяларын сунуштоо менен  активдүү катышууга чакырам. Ош шаары баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз.

 
Окулду 2382 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

“Этно Ош” фольклордук ансамбли Бишкекте отчеттук концертин берди

“Этно Ош” фольклордук ансамбли Бишкекте отчеттук концертин берди

Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониясында “Этно Ош” фольклордук ансамбли ...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Июнь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу