Версия для печати
Среда, 18 Апрель 2018 16:29

Ош шаарына кыргыз-өзбек биргелешкен ишкана ачылды

Бугун, 18-апрель куну Ош шаарында пластикалык терезе чыгаруучу "Имзо” заводдун ачылыш аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу элчиси Камил Рашидов, КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстандагы “Имзо” компаниясынын директору Аброр Ганиев, жеке ишкерлер жана шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен чек аралар ачылып, достук мамиле гана калыбына келбестен, инвестиция тартуу багытында да бир топ ийгиликтер жаралып жаткандыгын белгилеп өттү.

Ал эми КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу Кыргызстан боюнча кыргыз-өзбек кызматташуусунун алкагында жалпы 9 ишкана ачыла турганын айтып, алардын төртөө Ош шаарында ачыла тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Имзо” заводу Өзбекстанда 2014-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ош шаарындагы аталган заводдун филиалы 70ге жакын шаардыктарды  жумуш орун менен камсыз кылды. Учурда айына 2 миң кв.м пластикалык терезелерди чыгарууда, бирок заводдун 9 миң кв.м өндүрүш чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар. 

Окулду 479 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо