Бүгүн, 17-март күнү Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайында “Таза жашоо” улуттук кампаниясынын жана Ош шаарында жарыяланган 3 айлыктын алкагында жалпы ишембилик өтүп, жаңы бак- дарактардын көчөттөрү отургузулду. Ага КРнын Примьер-министри Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, шаардык кеңештин жана мэриянын аппараты, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери, мекеме-ишканаладын жетекчилери катышты.
Өкмөт башчы Сапар Исаков “Таза жашоо” акциясы социалдык инфраструктураны, шаар жана айылдардагы санитардык абалды жакшыртууга, көрктөндүрүүгө, өлкөнүн бүткүл аймагын жыйнап-тазалоого багытталгандыгын айтып, акция бүгүн Ош шаарынан башталгандыгын белгиледи.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук компания менен биргеликте Ош шаарында жылда 1-марттан 31-майга чейин атайын 3 айлык жарыяланып, тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп келе жатканын кошумчалады.
“Ош шаары – эң таза шаар макамын алып жүрөт. Андыктан Ош шаарында март айынын башынан тарта ишембиликтер уюштурулуп, көрнөк-жарнактар ирээтке келтирилип, айтоор баардык иш аракет тазалоого, көрктөндүрүүгө жумшалат”, - деди А.Кадырбаев
Белгилей кетсек, Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайына жалпысынан 52 түп ак кайың, 30 туя көчөттөрү отургузулду. Ош шаарына быйыл 3,5 миң дарак, 40 миң түп бадал көчөттөөрү, 2 млн. гүл отургузулат. Баардык көчөттөр Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын күнөсканаларында өстүрүлөт.
Айта кетсек, жалпы аянты 9 гектарды түзгөн Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайына быйыл жүз жыл толуп, учурда реконструкция кызуу жүрүп жатат. Ош шаарында эс алуу жайлардын дээрлик 98% реконструкциядан өтүп, шаардыктарга тапшырылган.