Версия для печати
Понедельник, 29 Январь 2018 11:44

Ош шаарында 2017-жылы 6 км ашык жолдор капиталдык ремонттон өттү

Бүгүн,29-январь күнү Ош шаарынын мэриясынын коллгиялык жыйыны болду. Ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, активисттер жана жаштар келип катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жарыяланган “Ыйман,адеп жана маданият жылын” өткөрүүнүн жыйынтыктары, “Ош шаары- өнүккөн ордо калаа” аттуу Ош шаарынын 2016-2020-жылдарга карата өнүктүрүү Программасын аткаруунун жүрүшү жана  2018-жылга коюлган милдеттер жөнүндө маселе каралып, талкууланды.

Анда Ош шаарынын жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов шаардын жолдорун жакшыртуу багытында аткарылган иштер жана 2018-жылкы пландар боюнча маалымат берди.

“Ош шаарынын жолдорун ондоп-түзөө иштерин аткаруу үчүн жолдор башкармалыгына Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8  атайын  техникалар берилген. Андан сырткары жолдор башкармалыгында 14 жумушчу бригадасы түзүлүп, шаардын жолдорунун бузулуп кеткен чункурларын жамоо иштерин, шаардын ички көчөлөрүнө жана жаны конуштардын жолдоруна шагылдоо жана тегиздөө иштерин, шаардын жолдорунда жайгашкан темир жана бетон тосмолорду, бордюрларды, парапеттерди краскалоо, андан сырткары шаардын көчөлөрүнө орнотулган 48 обьект жол чырактарды (светофорлорду) техникалык тейлөө жана оңдоо,  жол белгилерин орнотуу, оңдоо, эксплуатациялоо,  шаар жолдорунун жол сызыктарын сызуу,  видео байкоочу камераларды тейлөө жана оңдоо иштерин аткарышкан. Жакынкы күндөрү шаар боюнча 14 жерге светофордук обьект жана 4 мектептин астына өчүп-жануучу жол белгилери орнотулат.

Жумушчу бригадарлар тарабынан аткрылган жумуштар:

• Шаардын жолдорунун бузулуп кеткен чункурларын жамоо 18700,0 м2 аянты оңдолду.

• Шаардын ички көчөлөрүнө жана жаны конуштардын жолдоруна шагылдоо жана тегиздөө иштери боюнча 6,2 км жол шагылданып, иштер аткарылды.

• Шаардын жолдорунда жайгашкан темир жана бетон тосмолорду, бордюраларды, парапеттерди краскалоо иштеринде 22732,0 м2 аянты краскаланды.

Кыш мезгилинде жолдорду көзөмөлгө алып, кар-муздан тазалоо, эксплуатациялоо иштерине атайын техникалары бар 5 ишкана менен келишим түзүлүп, жолдор башкармалыгы тарабынан атайын иштелип чыккан иш пландын  негизинде иш алып барылат. Кышка даярдык көрүү максатында 287 тонна туз даярдалган.

2017-жылы жалпы жол куруу багытында сай-бою көчөсүндөгү жолду кошкондо 6,0 км ашык жолдор капиталдык ремонттон өтүп асфальттанды. Ошондой эле сай-бою көчөсүндөгү көпүрө толук бүтүп пайдаланууга берилип, ага улай эле жөө адамдар өтүүчү көпүрө көргөзмө аянтчасы менен курлушу аяктоо алдында турат.

Ошондой эле жол тыгындарын азайтуу максатында А.Масалиев кең көчөсү менен А.Навои көчөсүнүн кесилишине жөө адамдар үчүн жер үстү менен өтүүчү өтмөк куруу боюнча долбоор даярдалууда”, -деди А.Жунусов.

Ошондой эле, дагы кошумча жумушчуларды жана айлык акыларды көбөйтүү багытында сунушун кошумчалады.

Мындан тышкары 2018-жыл тыгын маселесин азайтуу багытында жолдорду куруу боюнча долбоорлор иштелип, Өкмөттө сунушту кароо иштери жүрүп жаткандыгын белгилеп өттү. 

Окулду 392 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо