Бүгүн,29-январь күнү Ош шаарынын мэриясынын коллгиялык жыйыны болду. Ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, активисттер жана жаштар келип катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жарыяланган “Ыйман,адеп жана маданият жылын” өткөрүүнүн жыйынтыктары, “Ош шаары- өнүккөн ордо калаа” аттуу Ош шаарынын 2016-2020-жылдарга карата өнүктүрүү Программасын аткаруунун жүрүшү жана 2018-жылга коюлган милдеттер жөнүндө маселе каралып, талкууланды.
Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров маалымат берди.
“Өнөр жай ишканалары тарабынан 2017-ж. январь-декабрында 4 163 429,8 миң сомдук продукция өндүрүлдү, 2016-ж. январь-декабрына карата физикалык көлөмдүн индекси 114,5 пайызды түздү. 2017-ж. декабрында өнөр жай продукциясы 546 181,6 миң сом өлчөмүндө болуп, 2016-ж. декабрына карата физикалык көлөмдүн индекси 147,8 пайызга барабар болду.
Айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 2017-жылдын январь-декабрь айында 988,0 млн. сомду, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 103,4 пайызды түздү.Үстүбүздөгү жылдын январь-декабрында айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн ичинен мал чарба продукциясы 44,9 пайызды, дыйканчылык – 47,2 пайызды, айыл чарбада көрсөтүлгөн тейлөөлөр – 6,0 пайызды, токой чарбасы – 1,8 пайызды түздү.
Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2017-жыдын январь-декабрында 6669,5 млн. сомду түзүп, 2016-жылдын январь-декабрына салыштырганда 22,0 пайызга жогорулады. Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2016-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 15,6 пайызга жогорулап (салыштырмалуу баада), 5397,7 млн. сомду түздү, ал эми 2017-жылдын декабрында 25,5 пайызга жогорулап, 2402,8 млн сомду түздү.
Автомобиль транспорту менен ташылган жүктүн көлөмү отчеттук мезгилде 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 27,6 миң тоннага, же 3,1 пайызга көбөйдү. Автомобиль транспорту менен жүк ташуу отчеттук мезгилде 1570 миң тонна-километрге көбөйдү. Жүргүнчүлөрдү ташуу 2016-жылдын январь-декабрына салыштырганда 1845 миң адамга өстү.
Шаардын чарба жүргүзүүчү субьектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 2017-ж. январь-декабрында 57 578,1 млн. сомду түзүп, 2016-ж. январь-декабрына салыштырмалуу 9,5 пайызга өстү.
Отчеттук мезгилде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык жана салык эмес кирешелери боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 2 млрд. 513,5 млн. сом план жеткирилсе, аткарылышы 2 млрд. 726,4 млн. сомду түзүп, пландагыдан 212,8 млн. сомго же 8,5 пайызга ашыгы менен аткарылды. Ал эми 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 464,7 млн. сомго (2016-жылы 2 млрд. 261,7 млн. сом) же 20,5 пайызга көп жыйналган.
2017-жылдын январь-декабрында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 806,5 млн. сом план жектирилсе, аткарылышы 813,5 млн. сомду түзүп, пландагыдан 7,1 млн. сомго көп салык чогултулган. Анын ичинен салык кызматтары тарабынан жыйналган салыктар жана жыйымдар 809,1 млн. сомду (план 806,5 млн. сом) түзүп, план 100,3 пайызга аткарылган.
Ош шаарында жогоруда белгилеп кеткен көрсөткүчтөрдөн да башкалары отчеттук мезгилде өсүү темпи менен жыйынтыкталды”,- деди З.Аскаров.