1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Воскресенье, 31 Декабрь 2017 22:45

Ошто борбордук аянттагы Жаңы жылдык майрамга 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 31-декабрь күнү Ош шаарында жаңы жыл майрамы борбордук аянтта балдар үчүн атайын оюн-зоок концерттик программа менен ачылып, белгилүү эстрада жылдыздары, куудулдардын катышуусунда чоң программадагы концерт менен уланды. Шаардагы окуу жайлардын жетекчилери, студенттер көркөм чыгармалык өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ар бир окуу жайлардын Жаңы жылдык-Аяз ата , аяз кыз, жомок каармандарынын костюмдар парады, концерттик программасы жана КВН оюну тартууланды.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров шаар тургундарын жана меймандарын тургундарын жаңы жыл майрамдары шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан куттуктап, сөз сүйлөдү.

-“ Саналуу мүнөттөрдөн кийин дүйнө эли, анын ичинде кут даарыган Ордолуу Ош шаарынын эли жаңы-2018-жылдын босогосун аттайт. Бүткүл Кыргызстандыктар сыяктуу куттуу шаарыбыдын карапайым, эмгекчил, мээнеткеч, намыскөй эли сапары карып бара жаткан эски жылды узатып, жаңы жылдык ачык маанай, жарык жүз, жакшы ниеттери жана аруу тилектери менен тосуп жатышат.

 Ошондон улам адегенде Сиздерди, урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жана Ош шаарынын мэриясынын атынан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Узап бара жаткан жылыбыз айта койгонго оңой болгону менен ары татаал, ары жооптуу, ары жемиштүү жылдардан болду, десек болот. 2017-жыл ынтымактын, ырашкерчиликтин, улуттар аралык ынтымактын жылы болгондугун биздин эң башкы жетишкендигибиз катары өзгөчө канаттануу менен белгилеп кетким келет.

Жыйынтыгында бул жылда Ош шаары өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүп, баардык социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча республикада алдыңкыкөрсөткүчтөргө жетише алгандыгы бизди кубандырат.

Жаңы жылда Кыргызстандыктардын түндүгү түрүлүп, керегеси керилип, уугу узарып, коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин. Ар бир үйдө ырыскынын нуру чачырап, жарык маанай уяласын.Жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-ырашкердик түбөлүккө орносун. Жапыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш каалайм. Жаңы жылыбыз – ынтымактын, биримдиктин, бейпилдиктин жылы болсун”,-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык салтанаттын алкагында фейрверк, жаңы жылдык салюттар атылып, шаар жаштары жана меймандары үчүн атайын заманбап ырлардын жаңыруусунда  дискотека уланууда.

Борбордук аянттагы Жаңы жылдык майрамга 20 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту.

Окулду 44 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2018 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26