1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Суббота, 30 Декабрь 2017 07:15

Быйыл Оштун спортчулары 310 медаль тагынышты

Ош шаарында өлкөнүн курама командасына спортчуларды даярдоодо шаардык дене тарбия жана спорт комитети иш алып барат. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин 2015-жылдын сентябрынан тарта Кылычбек Саркарбаев жетектеп келет.

Комитеттин курамында 165 кызматкер эмгектенет. Алардын жетөөсү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары, 23ү дене тарбия жана спорттун мыктысы жана 9у  эл аралык даражадагы калыс наамдарындагы кызматкерлер. Учурда комитетте спорттун 21 түрү боюнча сегиз миңден ашуун өспүрүмдөр, студенттер жана шаар тургундары машыгып келет.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Быйыл, Комитет тарабынан шаардык деңгээлде 83 иш-чара уюштурулду. 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнү, 8-март Эл аралык Аялдардын эл аралык күнүнө карата шаарыбызда жайгашкан мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана ЖОЖ,орто окуу жайлардын студенттери арасында спорттун волейбол,баскетбол түрлөрүнөн мелдештер өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чараларга мекеме-ишканалардан 22 команда, ЖОЖ,орто окуу жайлардан  19 команда катышышты.

2017-жыл “Ыйман,Адеп жана Маданият” жылына карата Ош шаарында Ордо оюну боюнча Ардагерлер  республикалык мелдеши, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Дельфин” сууда сүзүү бассейининде шаарыбыздагы мектеп интернаттардын жаш мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акысыз оюн зооктор, спорттук мелдештер уюштурулуп, тамак-аштар берилди.

Ал эми, шаарыбызда тургундардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн  бир топ ынгайлуу шарттар түзүлгөн.

Ал үчүн Ош шаарынын аймагында дене тарбия жана спорттук мекемелерден: 1 стадион, 36 спорттук  залдар шаар тургундарын тейлейт.Мындан сырткары каттоодо турган 35 түрдүү багыттагы мамлекеттик жана жеке менчик спорттук клубдар бар.  Алардын көпчүлүгү акыркы жылдарда колдонууга берилген баардык талаптарга жооп берген спорттук мекемелер болуп саналат.  Айта кетсек, 2015-жылы пайдаланууга берилген «Газпром» спорт комплекси, өткөн жылы бүткөрүлгөн  «ЕRЕМ» спорт комплекси. Ал эми быйыл бокс жана оор атлетика мектеп интернаты, ФИФАнын каржылоосу менен Футбол Академиясы курулуп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле, жакынкы жылдары Ош шаарына 1000 орундуу ден соолукту чындоо комплексинин курулушу паландалса, дагы Манас-Ата кичирайонуна Иран өлкөсүнүн каржылоосу менен 1 млн АКШ долларына спорт комплексин куруу боюнча макулдашууларды жүрүүдө.

 Бул тармакты өнүктүрүү үчүн Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык Кеңеши тарабынан спорт тармагын каржылоо жылдан жылга көбөйүүдө. Эгерде 2013-жылы аталган комитеттин бюджети 9 млн. сомдун тегерегинде болсо, быйыл 2017-жылы  шаардык дене тарбия жана спорт комитетине жергиликтүү бюджеттен 33 млн сомдон ашуун акча каражаты бөлүнгөн.

Бир эле спортчу өз жеңиши менен өлкөсүн дүйнөгө таанытышы мүмкүн. Ош шаары да күчү менен дүйнөнү багындырам деген спортчулардан уучу куру эмес. Шаарыбыздын спортулары жана курама командалары жергиликтүү, республикалык ошондой эле эл аралык дэңгээлдеги мелдештерге активдүү катышып байгелүү орундарды багындырышып  келишүүдө. 

Айта кетсек, Ош шаарынын спортчулары 2015-жылы жалпы 79-алтын, 90-күмүш, 118-коло медалдарга ээ болсо,  2016-жылдын 12-ай аралыгында  96-алтын, 88-күмүш, 116-коло медалдарга ээ болушкан. Ал эми, 2017- жылдын 12 (он эки) айында Ош шаарынын спортчулары Кыргыз Республикасынын  42 чемпионатына, 40 эл аралык турнирге, 36 Кыргыз Республикасынын Биринчилигине, 29 Кыргыз Республикасынын Ачык Чемпионатына, 41 Республикалык деңгээлдеги турнирине, 3 Азия Чемпионатына, 4 Дүйнө Чемпионатына, 1 Кыргыз Республикасынын Спартакиадасына, 1 Азия оюндарына, 2 Европа Кубогуна катышып,  жалпы 95-алтын, 90-күмүш, 125-коло медалдарга ээ болушту.

Алардын ичинен Эл аралык жана Дүйнөлүк мелдештерде шаарыбыздын, өлкөбүздүн намысын коргоп, байгелүү орундарды багындырган спортчуларбызды атап кетпесек болбойт.

 2017-жылы  Россия Федерациясынын Тула шаарында өткөн дзюдо боюнча жаштар арасында Европа Кубогунда шаарыбыздын спортчусу Кубаныч Айбек уулу 3 орунду, ал эми Казакстан Республикасынын Талды Курган шаарында өткөн Ачык Республикалык турниринде Бексултан Султанов 3 орунду багындырды.

Грек –рим күрөшү боюнча Кытай мамлекетинин Тайбей шаарында 15-16-июнь күндөрү жаштар арасында Азия Чемпионатында Ош шаарынын спортчусу Акжол Махмудов I –орунду, грек –рим күрөшү боюнча Финляндия мамлекетинин Тампере шаарында жаштар арасында Дүйнө Чемпионатында II –орунду багындырды.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндары 17-сентябрда башталып, 27-сентябрда аяктады. Аталган Азия оюндарына Ош шаарынын 8 (сегиз) спортчусу катышып, 2 алтын, 3 күмүш, 3 коло медалдарга ээ болушту. Анда кыз келиндер арасында Алыш күрөшү боюнча Алтынай Мамарасул кызы I-орунду,  Мээрим Мизамидин кызы II –орунду,  Күжүрмөн самбо боюнча Бекназар Райымкул уулу I-орунду,  Ороз Автандил уулу II –орунду, Салмоорбек Маматемин уулу менен Максат Мусабаев 3-орунду камсыз кылды. Ал эми,аялдар арасында бел боо күрөшү боюнча Алтынай Мамарасул кызы 2-орунду, Алыш күрөшү боюнча эркектер арасында Ороз Аширов 3-орунду багындырган.

Ошондой эле, Россиянын Сочи шаарында болгон Самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Бекназар Раимкул уулу күжүрмөн самбо боюнча I-орунду, Ороз Автандил уулу II –орунду камсыз кылып дүйнө чемпиону аталышты.

Ал эми, быйыл Ош шаарында тарыхта биринчи жолу ММА жана Панкратион боюнча Азия чемпиондугу болуп, анда шаарыбыздын мушкерлери Олжобай  Кудайберди уулу,  Кубанычбек Туратбек уулу,  Төлөгөн Рахманберди уулу, Нурсултан Рахманберди уулу жана Рыскулбек Ибраимовдор чемпиондук курдун ээси болушту. Алар өлкө намысын Казакстанда өткөн ММА боюнча дүйнө биринчилигинде коргоп, байгелүү орундарды алып келишти.

2-3 декабрь күндөрү “Алыш” спорт клубунда Баяман Эркинбаевичдин жаркын элесине арналган Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өткөрүлүп, аталган турнирге коңушулаш Тажикистан, Россия жана Өзбекистан мамлекеттеринен 220дон ашуун мыкты спортчулар катышып,Ош шаарынын спортчулары 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло медалдарга ээ болушту. 

Жакында эле, Төрөкан Багымбай уулу Россиянын Санк-Петербург шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнөлүк мелдеште 2 алтын медаль алып келсе, Бишкек шаарында өткөн “Хан Манас” кубогунда Баяман Сагынбай уулу жана Кубаныч Айбек уулу алтын медалды багындырышты.

Мындан сырткары, 2017-жылы Любовь Щелчкова, Улан Абдыманап уулу, Нурсултан Ирисбай уулу, Рыскулбек Ибраимов, Мыктыбек Каныбек уулу, Баястан Баргыбаев, Арсен Ысаев, Эрнис Капаров, Дастан Шайлообек уулу, Эрлан Талантбек уулу, Алайбек Умөтов, Жоодарбек Сатыкеев, Илимбек Жаныбеков, Зарина Мамажанова, Айбек Дүйшенбиев, Талант Акматов, Бексултан Султанов аттуу спортчуларбыз эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылышты.

Ийгилик жараткан ар бир спортчуну шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен  Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин өкүлдөрү тосуп алып, сый көрсөтүп жатышты. Ал эми байгелүү орундардын ээлерине шаар жетекчиси жыл сайын акчалай сыйлыктарды берип келет.

Деги эле, спорт жаатында 2017-жыл Ош шаары үчүн жемиштүү жылдардан болду.

Ош шаарынын сүйүктүү “Алай” футболдук клубу акыркы 3 жылдан бери өлкө чемпиондугун эч кимге бербей, Ош шаарынын намысын республикада коргоп келүүдө.  Футболчуларды колдоо багытында жергиликтүү бюджеттен быйылкы 2017-жылы 19 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн.

“Алай” 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип, андан кийин 2015-2016- жылдары катарынан Өлкөбүздүн чемпиону аталды. Намыска жарап, чемпиондук наам үчүн ат салышкан баардык командаларды артка калтырып быйыл, 2017-жылы дагы чемпиондукту багындырышты.

“Алай” командасынын жеңиши менен куттуктап 2015-жылы Ош шаарынын мэриясы клубдун футболчуларына “Лексус-330” үлгүсүндөгү жеңил унаа, ал эми клубдун администрациясына “Тойота” үлгүчүндө кичи автобус белекке берсе, 2016-жылы 1 млн сом акча каржатын тапшырган. Быйыл да чемпиондорду шаар мэри Айтмамат Кадырбаев “Алай” командасынын чемпиондук наамы жана 50 жылдык маарекеси  менен куттуктап, клубка 1 млн сом акча каражатын тапшырды.

  Ошондой эле, быйыл Оштун “ЕRЕМ” футбол командасы футзал боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатында  1-орунду ээлесе, волейбол боюнча да өлкө чемпиондугун “ЕRЕМ” волейбол командасы багындырды. Ал эми Волейбол боюнча КРнын Жогорку лигасын “Ош Бажы” волейбол командасы утуп алды.

 Жакында эле, Ош шаарынын мэриясы тарабынан жыл ичинде ийгиликке жетишкен 50дөн ашуун спортчуларга жана машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар, дене тарбия жана спорт комитети тарабынан атайын статуэткалар расмий түрдө тапшырылды.

Окулду 46 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2018 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26