1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 26 Декабрь 2017 07:08

Ошто жылдын мыкты спортчулары жана машыктыруучулары сыйланды

25-декабрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жаштарга арналган Жаңы жылдык кечеси болуп өттү. Ага бийлик өкүлдөрү, жогорку жана шаардык кеңештин депутаттары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле  500 гө жакын жаш активисттер, спортчулар жана машыктыруучулар  катышты.

А.Кадырбаев Ош шаарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо,  калк арасында спортту жайылтуу, негизги максаттарынын бири экендигин белгилеп, ал үчүн шаардык мэрия өлкөнүн Түштүк  борбору Ош шаарында спортту колдоого, өнүктүрүүгө жана  спортчулардын эл аралык, республикалык таймаштарда мыкты көрсөткүчтөргө жетүүсү үчүн  ар тараптан колдоо көрсөтөрүн билдирди.

 “-Бир эле спортчу өз жеңиши менен өлкөсүн дүйнөгө таанытышы мүмкүн. Ош шаары да күчү менен дүйнөнү багындырам деген спортчулардан уучу куру эмес. Шаарыбыздын спортулары жана курама командалары жергиликтүү, республикалык ошондой эле эл аралык дэңгээлдеги мелдештерге активдүү катышып байгелүү орундарды багындырышып  келишүүдө. Айта кетсек, Ош шаарынын спортчулары 2015-жылы жалпы 79-алтын, 90-күмүш, 118-коло медалдарга ээ болсо,  2016-жылдын 12-ай аралыгында  96-алтын, 88-күмүш, 116-коло медалдарга ээ болушкан. Ал эми 2017-жылдын 11 айында  спортчуларыбыз Өлкөнүн 42 чемпиондугуна, 40 эл аралык турнирге, 32 өлкө биринчилигине, 29 Кыргыз Республикасынын Ачык Чемпиондугуна, 41 Республикалык деңгээлдеги турнирине, 3 Азия, 4 Дүйнө Чемпиондугуна, 1 КРнын Спартакиадасына, 1 Азия оюндарына, 2 Европа Кубогуна катышып, 92-алтын, 87-күмүш, 122-коло медалдарын утуп алышты. Бул биз үчүн чоң сыймык. Спорт тармагын өнүктүрүү үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан спорт тармагын каржылоо жылдан жылга көбөйүүдө. Эгерде 2013-жылы аталган комитеттин бюджети 9 млн. сомдун тегерегинде болсо, быйыл 2017-жылы  шаардык дене тарбия жана спорт комитетине жергиликтүү бюджеттен 33 млн сомдон ашуун акча каражаты бөлүнгөн”,-деди шаар мэри. 

Майрамдык кеченин жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясы тарабынан жыл ичинде ийгиликке жетишкен 50дөн ашуун спортчуларга жана машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 Маалымат үчүн:

2017-жылы,грек –рим күрөшү боюнча Кытай мамлекетинин Тайбей шаарында 15-16-июнь күндөрү жаштар арасында Азия Чемпионатында Ош шаарынын спортчусу Акжол Махмудов I –орунду, грек –рим күрөшү боюнча Финляндия мамлекетинин Тампере шаарында жаштар арасында Дүйнө Чемпионатында II –орунду багындырды.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндары 17-сентябрда башталып, 27-сентябрда аяктады. Аталган Азия оюндарына Ош шаарынын 8 (сегиз) спортчусу катышып, 2 алтын, 3 күмүш, 3 коло медалдарга ээ болушту. Анда кыз келиндер арасында Алыш күрөшү боюнча Алтынай Мамарасул кызы I-орунду,  Мээрим Мизамидин кызы II –орунду,  Күжүрмөн самбо боюнча Бекназар Райымкул уулу I-орунду,  Ороз Автандил уулу II –орунду, Салмоорбек Маматемин уулу менен Максат Мусабаев 3-орунду камсыз кылды. Ал эми,аялдар арасында бел боо күрөшү боюнча Алтынай Мамарасул кызы 2-орунду, Алыш күрөшү боюнча эркектер арасында Ороз Аширов 3-орунду багындырган.

Ошондой эле, Россиянын Сочи шаарында болгон Самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Бекназар Раимкул уулу күжүрмөн самбо боюнча I-орунду, Ороз Автандил уулу II –орунду камсыз кылып дүйнө чемпиону аталышты.

Ал эми, быйыл Ош шаарында тарыхта биринчи жолу ММА жана Панкратион боюнча Азия чемпиондугу болуп, анда шаарыбыздын мушкерлери Олжобай  Кудайберди уулу,  Кубанычбек Туратбек уулу,  Төлөгөн Рахманберди уулу, Нурсултан Рахманберди уулу жана Тыскулбек Ибраимовдор чемпиондук курдун ээси болушту. Алар өлкө намысынКазакстанда өткөн ММА боюнча дүйнө биринчилигинде коргоп, байгелүү орундарды алып келишти.

Жакында эле, Төрөкан Багымбай уулу Россиянын Санк-Петербург шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнөлүк мелдеште 2 алтын медаль алып келсе, Бишкек шаарында өткөн “Хан Манас” кубогунда Баяман Сагынбай уулу жана Кубаныч Айбек уулу алтын медалды багындырышты.

Мындан сырткары, 2017-жылы Любовь Щелчкова, Улан Абдыманап уулу, Нурсултан Ирисбай уулу, Рыскулбек Ибраимов, Мыктыбек Каныбек уулу, Баястан Баргыбаев, Арсен Ысаев, Эрнис Капаров, Дастан Шайлообек уулу, Эрлан Талантбек уулу, Алайбек Умөтов, Жоодарбек Сатыкеев, Илимбек Жаныбеков, Зарина Мамажанова, Айбек Дүйшенбиев, Талант Акматов, Бексултан Султанов аттуу спортчуларбыз эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылышты.

“Алай” футболдук клубу чемпиондук наам үчүн ат салышкан баардык командаларды артка калтырып быйыл, 2017-жылы дагы төртүнчү жолу чемпиондукту багындырышты.

Окулду 39 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2018 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26