Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, РФнын, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдары, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана калаа тургундары катышышты.
Майрамдык иш-чара согуштун ардагерлери УАЗ автоунаалары менен 2 рота жоокерлердин коштоосунда шаардык мэриянын эски имаратынын алдынан баштап Ленин көчөсү менен бобордук аянтка багыт алуу менен башталды. Андан соң бардык катышуучулар "Өчпөс от" мэмориалдык комплексине гүл чамбарларды коюушуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.
Калаа башчысы Ош шаарынын мэриясынын атынан согуштун 26 ардагерлеринин ар бирине 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
“Согуштун каары, азап-тозогу канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 70 жылдан бери Жеңиш майрамы жергебизде салтанаттуу белгиленип келе жатат.
Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Бул Улуу Жеңишти алып келген аталарыбыздын Жеңиш майрамындагы чакырыгы, насыяты. Баарыңыздарды аталарыбыздын насыятына, Жеңиштин чакырыгына татыктуу болууга чакырам.
Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим!”,-деп билдирди шаар мэри А.Кадырбаев.
Борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамына арналган Ош гаризонунун коменданты полковник Пайзилда Мурзабаевдин башкаруусунда, куралдуу күчтөрдүн автоунаалардын жана Ош гаризонунда жайгашкан күч органдарынын, аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын катышуусунда салтанаттуу жүрүш болду.
Ага улай С.Ибраимов, Бабур атындагы драма жана куурчак театрларынын, Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын, " Келечек " балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды.
Аскердик үйлөмө оркестрдин аткаруусундагы шаңдуу марштын коштоосунда ардагерлер, шаардын жана облустун жетекчилери Токтогул сейил багына барып, ал жакта согуштун ардагерлери учун аскер бөлүктөрүнүн талаа ашканасы тарабынан даярдалган " Солдат кашасы " берилип, согуш темасындагы концерт өттү.
Мындан сырткары 9-май күнү Ош шаарынын сейил бактарында кеңири программадагы майрамдык маданий шаан-шөөкөттөр, Токтогул багынын жайкы сахнасында концерттер, бий аянтчаларында дискотекалар уюштурулду. Ошондой эле Навои атындагы сейил бакта улуттук спорт оюндары, тогуз коргоол, ордо, жана шахматтык турнир боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 231 адам чакырылып, анын ичинен 3118 жердешибиз курман болгон. Бүгүн согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 26 катышуучусу Эли-Журту менен бирге Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдап жатышат.
Билдирүүлөр