Версия для печати
Вторник, 30 Июнь 2015 03:45

Ошто дагы бир балдар бакчасынын капсуласы куюлду

Бүгүн Озгур айылындагы  жаңыдан курулушу башталган балдар бакчасына капсула коюу шааниси өткрүлдү. Аталган иш-чарага Озгур айылынын тургундары жана Ош шаардык мэриясына караштуу мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 -“ Келечек ээлери болгон балдарга шарт түзүү шаар бийлигинин милдети. Тилекке каршы мына ушул курулуш иштери жүрүп жаткан бакчанын  аянты да жеке менчикке пайдаланууга  берилип кеткен экен.Соттук процедуралардан улам кайра кайтарып алдык. Ушул бакчадан таалим-тарбия алган  балдардан  келечекте мамлекетти башкарган балдар чыксын-деген куттук сөзүн айтты А.Кадырбаев.

 Аталган расмий иш-чарада айыл жашоочулары   сөзүнө турган мэрге ыраазычылык билдирип, олуттуу иштерди аркалап жаткан  калаа башчысына жана анын аппаратына ийгиликтерди каалашты. Буюрса   бүгүн  пайдубалы түптөлгөн бала-бакча Ош шаарынын күнүнө  карата  бүткөрүлмөкчү. 

Эске салсак, Озгур айылынын тургундары жыл башында шаардын мэри  А.Кадырбаев менен болгон жолугушууда айыл тургундары  балдар бакчасына муктаж экендиктери айтылган. Жашоочулардын суроо –талабын  канааттандыруу максатында калаа башчысы тиешелүүлөргө тезинен балдар бакчасын  курууга тапшырма берген эле.Учурда  айылдыктардын талабы орундалып,Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан (жет.Т.Эшбаев) Озгур айылында  2 кабаттуу 100 орунга ылайыкташкан заманбап балдар  бакчасы курулуп жатат.Балдар бакчасынын  курулуш иштери  “Монтажник” ЖАК тарабынан жүргүзүлүп, курулуштун тендердик баасы  23018581 сомду түзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 
Окулду 2170 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо