1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Понедельник, 20 Ноябрь 2017 10:22

Ошто 360 жаран муниципалдык программанын негизинде ипотекалык үй алышты

Бүгүн, 20-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген аппараттык кеңешмеси өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэрлер, шаардагы бардык мекеме ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары катышты.

Жыйындын күн тартибинде үч маселе каралып, талкууланды.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасын аткаруунун милдеттери жөнүндө,

2. Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча Департаментинин ишмердиги жөнүндө,

3. КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы токтому менен бекитилген КРнын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата Программасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө.

Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча Департаментинин ишмердиги жөнүндө Департаменттин директору Кутманалы Абдырахман уулу маалымат берди.

“Ош шаарында негизинен ипотекалык багытта эки программа иштеп жатат. Бул мамлекеттик арзан турак-жай программасы жана республикада бир гана Ош шаарындагы муниципалдык ипотекалык программа. Бүгүнкү күндө, Ош шаарында 362 жаранга 6% менен 12 жылдык мөөнөткө чейин батирлер берилди. Бул жарандардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, мугалим, врач, жеке ишкерлер бардыгы бирдей шартта алууда. Берилген үйлөрдөн түшкөн каражаттын жалпы көлөмү 152 млн сомдон ашуун акча каражатын түзөт. Ошол акча каражаттын эсебинен муниципалдык ипотекалык программаны мындан ары улантуу тапшырмасы шаар жетекчиси А.Кадырбаев тарабынан коюлган. Учурда жогорудагы ипотекадан түшкөн акча каражаттардын эсебинен шаардын Тилеке-Баатыр көчөсүндө 12 кабаттуу 132 батирден турган үй куруу планы бар. Ал үчүн жерди геологиялык жактан изилдөө жана долбоорлоо  иштери жүрүүдө.

Учурда ипотекалык багытта үй алууну каалаган жарандардын саны 5005ти түзүп, арыздар департаменттин кароосунда турат.

Мамлекеттик ипотекалык программанын негизинде үй алуу үчүн жарандардан 600дөн ашуун кайрылуу түшсө,  анын 292си үй алып жашап жатышат. Калган жарандардын арыздары департамент тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик ипотекалык компанияга жиберилген.

Ошондой эле, 20-апрелдеги Ош шаарынын мэринин буйругу менен шаардык автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясы жоюлуп, анын функционалдык милдеттерин аткаруу биздин департаментке жүктөлгөн. Мурун ал жерде 14 кызматкер иштеген болсо, азыр кыскарып 3 адам  тийиштүү функционалдык милдеттерди аткарып жатат. Ал эми, бюджеттик көрсөткүч мурункуга караганда 3 эсеге өстү. Тактап ай         тканда, мурун айына 70 миң сомдон түшкөн болсо, азыр 202 миң сомго жетти”,-деди К.Абдырахман уулу.

Ошондой эле, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев турак-жай маселеси өтө маанилүү жана өз актуалдуулугун жоготпогон тармактардын бири экендигин билдирди.

-“ Турак-жай маселеси өтө маанилүү жана өз актуалдуулугун жоготпогон тармактардын бири болуп эсептелет. Буга мисал катары Ош шаарынын мэриясына келип түшкөн арыздарды талдап айтууга болот. Арыздардын негизги бөлүгүн жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү, ипотекалык негизде батирерди алуу, ижара шартында жерлерди иштетүү үчүн келген кайрылуулар түзөт. Менин жеке жарандарды кабыл алуумда жана эл менен болгон жолугушууларымда ушул маселелер көтөрүлүп келе жатат. Алсак, 2017-жылдын 9 айында ипотекалык негизде үй алуу үчүн мэрияга 699 кайрылуу түшкөн болсо, өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйгөн. Тактап айтканда, 2016-жылы бул багытта  360 арыз катталган. Жакынкы аралыкта, жогорудагы ипотекадан түшкөн акча каражаттардын эсебинен муниципалдык ипотекалык негизде турак-жай берүүнүн экинчи этабы башталат. Анда биз, бюджеттик тармакта эмгектенген кызматкерлереге гана эмес, шаарда батир алам деген бардык жарандарга берүүнү максат кылып жатабыз”,-деди А.Кадырбаев.

Окулду 38 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Декабрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу