Версия для печати
Пятница, 17 Ноябрь 2017 10:50

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамдык иш-чара менен салтанаттуу жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов жана жаш активисттер келип катышты.

Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев жаштардын азыркы учурда мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон салымдары эбегейсиз экендигин белгилеп, ошондой эле эл аралык дүйнөлүк спортго, илимий, маданий конкурстарга активдүү катышып, акыл таймаштарда Кыргызстандын желегин чет мамлекеттерде желбиретип жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, өз сөзүндө жаштарды ар тараптуу өнүгүп, көп тил билип, мыкты билим алууга, мамлекет жана эл үчүн талыкбай ак ниет менен эмгек кылууга үгүттөдү.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук иштерге активдүү катышкан жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, жаш активисттери, аймактык кеңештердин жаштар иштери боюнча комитетинин мүчөлөрү Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин ардак грамоталары, акчалай жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Ошондой эле, бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жарыяланган бир жумалыктын алкагында өткөрүлгөн маданий-интелектуалдык иш-чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн жаштар байгелүү сертификаттар менен сыйланды.

Жалпысынан Ош шаарындагы жалпы 100гө жакын жаштар сыйланды.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жаряланган бир жумалык жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, кечкисин Ош шаарынын борбордук аянтында Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер күнүнө карата Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган  бий кечеси өтөт.

Окулду 11312 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо