Версия для печати
Пятница, 03 Ноябрь 2017 09:05

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. 

Анда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту.

А.Кадырбаев басма сөз маалымат алуунун,  коомдук пикирди түзүүнүн ийкемдүү куралы, анын руханий жана интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчү катары жашообуздун ажырагыс бөлүгү экенин билдирип, катышуучуларды кесиптик майрамдары менен куттуктады.

-“Өлкөбүз өзүнүн Эгемендигине ээ болгондон бери массалык маалымат каражаттары   демократиялык баалуулуктардын шарапаты менен сөз эркиндигине жетишип, өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтө алды десек болот. Эл аралык эксперттердин, серепчилердин баамында да Кыргыз Республикасында басма сөз эркиндиги баарынан жогорку   тургандыгы байма-бай айтылып келе жаткандыгын баарыбыз билебиз. Кечээ эле тоталитардык системанын кучагынан чыга албай келген басмасөз бүгүн коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган, коомдогу оош-кыйыштарды ачык, тайманбай жазып, жалпы окурмандардын сынына сунуш кылган кубаттуу куралга айланды.  Бул иште  Сиздердин салымдыңыздар өзгөчө экендигин Кесиптик майрамыңыздар белгиленип жаткан күндө өзгөчө белгилеп кетээр элем. 

Анткени, Сиздер  талыкпас эмгегиңиздер, чыгармачылык көрөңгөңүздөр, турмуштук бекем позицияңыздар менен өлкөбүздө басма сөз эркиндигин камсыз кылуу менен элибизге ак ниетиңиздерден кызмат кылып келе жатасыздар. Журналисттин чыгармачылыгы эл ишенимин жакшы жакка бурууга да, ошол эле  учурда    аны жокко чыгарууга да жөндөмдүү.  Ошондуктан журналисттин калеми   курч да, калыс да, акыйкат да болушун каалар элек”,-деди шаар жетекчиси.

Иш-чаранын жүрүшүндө, шаар мэри Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 7-ноябрь-КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаардындагы бир катар ММКнын өкүлдөрүнө мэриянын  Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Айта кетсек, 1924-жылы 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыга баштаган.  Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.

Окулду 11210 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо