Версия для печати
Пятница, 26 Июнь 2015 04:07

Ош шаарынын юристтерин калаа башчысы А.Кадырбаев куттуктады

Бүгүн юристтердин күнү. Юристтик кесип ардактуу кесип экендиги жалпыга белгилүү. Өзгөччө укуктук мамлекеттин пайдубалын түптөп, эл аралык шериктештикте демократиялык өлкө катары таанылган биздин өлкөдө юристтерди орду өзгөчө, ролу чоң. Биз бүгүн  өзүбүздүн турмушубузду юриспруденциясыз, юристтердин кызматысыз элестете албайбыз. Бөтөнчө КРнын Баш мыйзамында белгиленген адам укуктарын коргоодо чоң жоопкерчилик, милдет жүктөлгөндүгү талашсыз - деген пикирин шаардын мэри юристтерди куттуктоо салтанатында  айтты.

-Ош шаарынын прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер, Юстиция министрликтеринин Ош шаардык башкармалык тарынын юристтери өздөрүнүн милдеттерин мүмкүн болушунча так, ар намыстуулук жана  чоң жоопкерчилик менен аткарып келе жаткандыгын  кесиптик майрам күнү баса белгилеп кетээр элем. Адам укугун коргоо, мамлекеттик жана муниципиалдык менчикти сактоо, Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актыларынын  аткарылышын көзөмөлдөө жаатында аткарып жаткан эмгегиңиздер эбегейсиз- деп айтты А.Кадырбаев .

 

Кыргыз Республикасынын Юристтер күнүнө карата, Ош шаарында жарандардын мыйзамдуу таламдарын коргоодо, мыйзамдуулукту сактоодо  үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар юристтер Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окулду 2037 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо