1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 25 Октябрь 2017 11:32

Ош шаары күзгү-кышкы жылытуу мезгилине толугу менен даяр

Бүгүн, 25-октябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, коллегиянын мүчөлөрү, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары катышты.

Коллегиянын күн тартибинде Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдоо иштеринин абалы жөнүндө маселе каралып, талкууга алынды.

Шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев бүгүнкү күндө Ош шаары күзгү-кышкы жылытуу мезгилине толугу менен даяр экендигин билдирип, жылытуу мезгилине карата болгон даярдык боюнча маалымат берди.

-“ Оштогу жылуулук электр  борборунда  2017-жылдын 16-октябрына карата   3  даана буу казандар толугу менен кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. 

Мазут даярдоо иштери боюнча  графиктин негизинде 14441 тонна даярдалыш керек болсо, 2017-жылдын  16-октябрына карата  өткөн  жылдан  калган  калдыкты  кошкондо 13908  тонна  мазут  отуну  даярдалды. Андан тышкары «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 13,021 млн. м3  жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү. 

Оштогу  муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында бардыгы болуп 78 отканасы бар, алардан 17 откана электр энергиясы, 61 откана көмүр  менен жылытылат.  Ал  эми  жылуулук  энергиясын  жеткирип  берүүчү  магистралдык  жана  кварталдык  тармактары  66,6 км.  түзөт.

2017-жылдын 16-октябрына  карата  графикте көрсөтүлгөн 78  откана  жылытуу  мезгилине  толугу  менен  даярдалды. 

Ал  эми  2017-2018-жылдын күз-кыш  мезгилине  11000  тонна,  анын ичинен 9000 тонна «БСШ» маркасындагы жана 2000 тонна «БР» маркасындагы көмүр  отуну   даярдалышы керек болсо, учурда  түзүлгөн  графиктин  негизинде  көмүр  отуну  ташылып, 2017-жылдын 16-октябрына  карата  6008,0  тонна даярдалды.

Ош райондук электр тармактар ишканасы иш-чаралардын негизинде  2017-жылдын  26-сентябрына карата тапшырмада көрсөтүлгөн кубаттуулугу 6-10-0,4 кВ болгон 74 трансформатордун ордуна 87 даанасы (118 %) капиталдык оңдоодон, 624 трансформатордун 624 даанасы (100 %) катардагы оңдоодон өткөрүлдү.     

Ал эми, энергообьектилерди капиталдык  куруу  жана  реконструкциялоо  боюнча  кошумча  11  даана  6-10/0,4  кВ  ТП, КТП  коюулуп,  иштеп  жаткан  5 даана  трансформаторлор  алмаштырылды.

Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык  башкармалыгы   2017-жылга каралган техникалык тейлөө планы боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын жана чатырларын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде атайын иш-чаралар уюштурулуп, көп кабаттуу үйлөрдө  жылытуу  системаларын оңдоп-түзөөиштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 2017-жылга мурун жылуулук алуудан баш тарткан 30 көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук системаларын оңдоо каралган болсо, бүгүнкү күндө 9 үйдүн жылуулук системаларын оңдоо иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Андан  тышкары башкармалык  тарабынан 11  көп  кабаттуу үйлөрдүн суу, канализация түтүкчөлөрүн оңдоо иштери жүргүзүлүп,  2 053 718  сомдук жумуштар аткарылды. Анын ичинен  616 115 сом мэрия тарабынан каржыланды.

2017-жылдын  тогуз  айынын  ичинде  газ  тармактарын  техникалык  кароо  сектору  тарабынан  прибордук  жол  менен  780,8  миң  метр  орто  жана  төмөнкү  басымдагы  газ  түтүктөрүнүн  газ  чыгып  кетүү  жолу  текшерилип,  321 газ  чыгуу  коркунучу  болгон  жайлар  калыбына  келтирилди.  Планга  ылайык  56,63  миң  метр  түтүктөрдүн  изоляция  абалы  техникалык  текшерүүдөн  өтүп,  41 даана  газ  кудуктарын  оңдоо  иштери  аткарылды. 

Капиталдык ремонт боюнча 9 айда жалпысынан 5,81км  газ түтүкторү алмаштырылып, 46,4 млн. сомдук жумуштар аткарылды.  Ош шаардык элге билим берүү башкармалыгында  90  мекеме  2017-2018-жылдардагы  күзгү-кышкы  өнөктүгүнө  даярдык  көрүү  иштери  толугу  менен  аткарылды. 2017-2018-жылдардагы  күз-кыш мезгилине өздүк буу казаны менен жылытылуучу 6 мекемеге 174 тонна көмүр отунун сатып алуу үчүн электрондук портал аркылуу тендер жарыяланып,  2017-жылдын  16-октябрына карата  келишимдин негизинде 150,0 тонна көмүр  ташылып келип,  тапшырмага 86,2 %  түздү.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы  31  мекеме  2017-2018-жылдардагы  күзгү-кышкы  өнөктүгүнө  даярдык  көрүү  иштери,   толугу  менен  бүткөрүлүп,  жылуулук  алууга  даяр.

Элге көмүр даярдоо боюнча тапшырма аймактык Кеңештерге жеткирилип, шаарыбызда 15 жерде көмүр сатуучу пункттарды уюштурулду. Калк тарабынан 21300 тонна көмүр даярдалыш керек болсо, бүгүнкү күндө 9246 тонна көмүр даярдалып, 44,0%ды  түздү.

Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан 2017-2018-жылдардагы кыш мезгилинде жолдорду кардан тазалоо жана тайгактарына каршы инертүү материалдарды даярдоо боюнча 2017-жылдын 20-октябрына карата 43 (кырк үч) атайын техника, 235.0 тонна туз жана 290 тонна туз жана 500,0 инертик материалдар даярдалган. Кыш мезгилинде жолдорду өз убагында тазалоо жушутарын жүргүзүүмаксатында Ош шаардык жолдор башкармалыгы  5 ишкана менен келишим түзүп, ар бир ишканага тиешелүү аймактар бекитилип берилди”,-деп маалымдады вице-мэр.

Окулду 43 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Ноябрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу