Версия для печати
Пятница, 26 Июнь 2015 03:57

Озгурда курулуштун тендердик баасы 23018581 сомго барабар дагы бир балдар бакчасы курулуп жатат

Озгур айылынын тургундары жыл башында шаардын мэри А.Кадырбаев менен болгон жолугушууда айыл тургундары  балдар бакчасына муктаж экендиктери айтылган. Жашоочулардын суроо –талабын  канааттандыруу максатында калаа башчысы тиешелүүлөргө тезинен балдар бакчасын  курууга тапшырма берген эле.Учурда  айылдыктардын талабы орундалып,Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан (жет.Т.Эшбаев) Озгур айылында  2 кабаттуу 100 орунга ылайыкташкан заманбап балдар  бакчасы курулуп жатат.Балдар бакчасынын  курулуш иштери  “Монтажник” ЖАК тарабынан жүргүзүлүп, курулуштун тендердик баасы  23018581 сомду түзөт.

 Ош шаарынын мэри курулуш иштеринен кабар алганы бүгүн Озгур айылына барды. Айыл жашоочулары   сөзүнө турган мэрге ыраазычылык билдирсе, ал эми калаа башчысы “ Келечек ээлери болгон балдарга шарт түзүү шаар бийлигинин милдети. Тилекке каршы мына ушул курулуш иштери жүрүп жаткан бакчанын  аянты да жеке менчикке пайдаланууга  берилип кеткен экен.Соттук процедуралардан улам кайра кайтарып алдык. Буюрса ушул бакчадан таалим-тарбия алган  балдардан келечекте мамлекетти башкарган балдар чыксын. Биз жасаган иштердин үзүрүн шаардыктар көрүүгө тийиш. Жакында шаардагы автотыгындарды азайтуу максатында айланпа жол  куруу иштери  башталып, жол дал ушул айылдан өтөт. Сиздер койгон талаптар четинен аткарыла бааштады. Бардык маселелерди ынтымакта, түшүнүү жолу менен бирдиктүү чечсек болот”-деди  шаар башчысы А.Кадырбаев.

 Курулуш иштери менен жеринде таанышкан  мэр курулушту өз мөөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тиешелүү жетекчилерге табыштады.

 

 

 

 

 

 

 

 

Окулду 1883 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо