Версия для печати
Пятница, 26 Июнь 2015 03:35

Амир-Темурдагы 95 орундуу балдар бакчасы Эгемендик күндүн урматына ачылат

Курулуш иштердин тендердик баасы 42 млн.778,2миң сомго барабар болгон эки кабаттуу 95 орунга ылайыкташкан заманбап балдар  бакчасы пайдаланууга берүүгө даяр.

Бул туурасында Ош шаардык капиталдык курулуш  башкармалыгынын башчысы  Т.Эшбаев  шаар башчысы А.Кадырбаевге маалымат берди.

Калаа башчысы бүгүн   жаңыдан пайдаланууга берилмекчи болгон балдар-бакчасына барып, андагы курулуштун сапатын мэрдин купулуна толуп, Эгемендик күнгө карата балдар  бакчасын пайдаланууга берүүнү табыштады.

 Эске салсак, 2014-жылы   шаар мэри А.Кадырбаевдин жетекчилиги менен  “Шоола-Үмүт”, “Акылай” аттуу 2 балдар бакчасы, 2015-жылы  Жапалак айылына курулган  120 орундуу 

 

“Актан” балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Ошондой эле  Гүлбаар –Төлөйкөн айылына да  2 кабаттуу 90 орундуу балдар бакчасы курулуп жатат. Курулуштун сметалык баасы  20млн.400миң сомго бааланып, мэрия тарабынан 8,5 млн. сом каржыланууда. Келечек ээлерине болгон камкордук мэриянын  такай  көзөмөлүндө турат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окулду 1843 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо