1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 27 Сентябрь 2017 12:22

Ош: Шаардагы эс алуучу жайлар катуу көзөмөлгө алынат

Бүгүн, 27-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында Ош шаарынын прокуратурасынын сунушуна ылайык мыйзам бузууларды четтетүү жана тийиштүү чараларды көрүү боюнча комиссиянын жыйыны болду. Анда балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча талкуу жүрдү.  

Жыйынга Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык прокуратуранын  прокурору Чыңгыз Тезекбаев, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын, Ош ШИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн, Социалдык өнүгүү башкармалыгын жана башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен шаардагы эс алуучу жайлардын (кафе,ресторан) жетекчилери катышты.

Прокурор Ч.Тезекбаев шаардагы эс алуучу жайлар, өспүрүм балдардын катышуусунда мыйзам бузуп жаткандыгын билдирди.

-“ 2017-жылдын 23-август күнү болжол менен саат 24:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Изюм” кафесинин имаратынын ичинде, андан кийин сыртында, аталган эс алуучу жайдагы адамдардын ортосунда массалык түрдө уруш орун алган.  Бул окуя ошол эле күнү Ош ШИИБнын КККне 1930 саны менен катталган. Текшерүүдө тааныштары менен эс алып олтуруп, кийинчерээк мас абалда урушту баштаган жана “Изюм” кафесинин айнегин  сындырган атуул 1999-жылы.төрөлгөн Бишкек шаарынын тургуну бүгүнкү күндө он сегиз жашка толо электиги, окуяга күбө болгон аталган эс алуу жайдын кызматкерлеринен түшүнүктөр алынып, алардын арасында жашы жетпеген кыздын “официант” болуп иштеп жаткандыгы аныкталган.

Мыйзам менен белгиленген тартипте алкоголдук продукцияларды, анын негизинде даярдалган пивону жана ичимдиктерди чекене сатуучу, соода кылуу жана коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүчү, көңүл ачууларга, бош убакытты өткөрүүгө арналган (оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, сауналар) объекттерде түнкү убакытта ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз балдардын болушуна тыюу салынат. Балдардын болуусуна тыюу салынган объекттердин кызматкерлери өспүрүмдөрдүн болуусунун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, анын ичинде баланын 18 жаш куракка жеткендигинен шектенүүлөр болгондо андан паспортун же өздүгүн тастыктаган башка документин көрсөтүүсүн талап кылууга милдеттүү.

Мындан сыркары, баланын ден соолугуна коркунуч  туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу же болбосо анын ден соолугуна, дене тарбиялык акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирген кандай болбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүн тартууга, түнкү убактарда балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат. Түнкү убактагы жумушка 18 жашка толо электер киргизилбейт. 18 жашка чейинки курактагы адамдардын эмгегин эмгек шарттары зыяндуу жана кооптонуу жумуштарда, жер астындагы жумуштарда колдонууга тыюу салынат”,-деди прокурор.

Мыйзамга ылайык, “Изюм” эс алуу жайын иштеткен жеке ишкер тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам жана кодекстин талаптарын сактабагандыгы үчүн айып салынган.

Жыйындын жүрүшүндө, тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине, шаардагы эс алуучу жайлардын жетекчилерине КРнын “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна , дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамынын жана КРнын “Балдар жөнүндө” жана Эмгек кодексинин талаптарынын бузулушун четтетүү максатында тийиштүү чараларды көрүү менен мындан ары мыйзам бузууларга жол бербөөнү тапшырмалары берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, өз милдеттерине көңүл кош мамиле жасоо менен мыйзам бузууларга жол берген эс алуучу жайлардын жетекчилерине карата тартиптик жаза колдонулары эскертилип, мындан ары катуу көзөмөлгө алынары айтылды.

Окулду 50 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Ноябрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу