Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 02 Сентябрь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 02 Сентябрь 2022

Долбоор

 

Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата

мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын ДОЛБООРУ

Киришүү

Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарын тартуу жолу менен коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүү болуп саналат.

2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказдын программасы Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 9-бөлүмүнө ылайык, Ош шаарындагы калктын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын баалоого жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде, ошондой эле маалымат базасына келип түшкөн социалдык көйгөйлөр жана коомдук пайдалуу максаттар боюнча  жарандардын жана мекемелердин сунуштарынын негизинде иштелип чыкты.

Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасында жергиликтүү бюджеттин эсебинен мамлекеттик социалдык заказдарды ишке ашыруу үчүн 2022-жылга 1,0 млн сом каралган. Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 29 токтомунун 5-пункту негизинде 2022-жылга мамлекеттик социалдык заказын ишке ашырууга 1,0 млн сом бекителген.

Заказ берүүчү жалпы сумманын 5%дан көп эмес каражатын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн пайдаланууга укуктуу.

Мамлекеттик социалдык заказ - республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бөлүгүн ишке ашыруу механизми.

Мамлекеттик  социалдык заказдын программасы - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген жана калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө жана  мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы.

Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.

 

  1. I.   Негизги бөлүм

 

Ош шаарынын туруктуу калкынын саны 333 629 адамды түзөт, анын ичинен эркектер –162 434, аялдар –171 195, 0-15 жашка чейинки балдардын саны – 122 133, улгайган жана карылар – 24 282, эмгекке жарамдуу курактагылар –187 214. Медициналык диагнозу тастыкталган               ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны – 7 458, анын ичинен 18 жашка чейинки балдардын саны – 1 042.

Ош шаарынын 2022-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы маалыматтарга ылайык шаар ички  жана тышкы миграциянын жогорку деңгээли менен айырмаланат. 2022-жылдын 1-майына карата 6 111 адам иш издөөчү катары  каттоодо турат. Официалдуу түрдө жумушсуздук статусун алгандар 3 255 адам.

Кесиптик окууга 2022-жылдын 1-майына карата-99 адам, акы төлөнүүчү коомдук иштерге-653 адам, мекеме-ишканалардан-246 бош орундар боюнча маалымат алынып, иш издөөчү катары каттодо турган-186 адамга  ишке орношууга көмөк көрсөтүлгөн, официалдуу эмес сектор боюнча-347 жумуш орду түзүлгөн.

Ош шаарынын 2022-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын приоритеттүү багыттарынын бири -   калктын жашоосун ар тараптан жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү  жана коомдун көйгөйлүү маселелерин чечүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 Мыйзамын Ош шаарында ишке киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 15-июлундагы                    № 357-б буйругунун негизинде жумушчу тобу түзүлгөн.

Ош шаарындагы социалдык көйгөйлүү маселелерди аныктоо үчүн жумушчу топтун жана эксперттердин катышуусунда Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана Жапалак айылдык башкармалыгында, медициналык, социалдык жана билим берүү мекемелеринде бекитилген график боюнча 2022-жылдын 22-июлунан 10-августуна чейин фокус-группалар өткөрүлдү.

Мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоорун даярдоо максатында муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана Жапалак айылдык башкармалыгында, медициналык, социалдык жана билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн изилдөлөрдүн  жыйынтыгында 182 көйгөйлүү маселелер аныкталды. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жана юристтер менен кеңешип социалдык көйгөйлүү маселелерди анализдеп, натыйжада негизги муктаж категориялар тандалып алынды.

 

2022-2025-жылдарга Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча Программасына                                   Кыргыз Республикаликасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрүнүн арасынан төмөндөгүдөй приоритеттүү багыттар аныкталды:

1)   Жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, улгайган адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо;

2)   Билим берүү жана агартуу;

3)   Медициналык жардам;

4)   Социалдык ишкердик (коомдук пайдалуу максаттардагы ишкердик иш);

5)   Көркөм өнөр;

6)   Маданият;

7)   Адам укуктары, анын ичинде расалык, этностук, диний, гендердик же басмырлоонун ар кандай башка формаларын жоюу;

8)   Коомдук тартип жана коомдук ынтымак;

9)   Мигрантарга, аргасыз көчүп келгендерге жана качкындарга жардам.

 

Кыргыз Республикаликасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын6-беренесине ылайык мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун эки формасы тандалып алынды:

1) Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо;

2) Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү.

Жогорудагы Мыйзамдын 7-беренесине ылайык социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалымат базасы Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтында жарыяланды.

Мамлекеттик социалдык заказды Ош шаарында ишке ашыруу боюнча укуктук ченемдик актылар изилденип, процедуралар иштелип чыгып, мэриянын расмий сайтында жарыяланды (2022-жылдын 16августу, Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты).

Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын каржылоо аталган Мыйзамдын 11-беренесинин 6-пунктуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

 

Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын ишке ашыруу планы

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрү:

  1. 1.    Жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, улгайган адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо

 

1.1.                Турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү

Кыргызстанда, дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөрдөй эле, улгайган адамдар калктын басымдуу жана улам өсүп бараткан бөлүгүн  түзөт. Ош шаарында 2021-жылга карата муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында                  улгайган жаран-163, 2022-жылга карата улгайган жаран-162 каттоодо катталган. Шаарда улгайган жарандар үчүн кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн топтору бар. Мындан сырткары жыл сайын 1-октябрь Карылардын күнүндө шаарда жашаган улгайган жарандардын жашоо тиричилигине жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында социалдык абалы төмөн улгайган жарандардын санынын көбөйгөндүгү байкалууда.

Базар экономикасынын өсүшү менен улгайган жарандардын пенсиялык өлчөмү керектөөлөрдүн: толук тамактануу, дарылануу,                ден соолугун чыңдоо үчүн минималдык муктаждыктарын канааттандырбай жаткандыгы белгилүү. Шаарыбыздагы улгайган жарандар үчүн коммуналдык кызматтар үчүн субсидиянын жоктугу, жашаган үйлөрдөгү шарттардын (ысык суу, газ, лифт ж.б) түзүлбөгөндүгү себептүү бир топ көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгы келип чыгууда.

Социалдык кызматтар улгайган адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртуунун таасирдүү чараларынын бири катары каралат. Бул болсо социалдык кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана ошону менен бирге мамлекеттик социалдык заказдын негизинде жеке секторду тартуу аркылуу зарылдыгын шарттайт. Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандарды тейлөө боюнча социалдык кызматтарды уюштуруу менен улгайган жарандардын мончо жана чачтарач кызматтарына жетүүсү камсыз кылынат.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында жеке ишкерлер тарабынан мончо жана чачтарач кызматтарын көрсөтүү бир топ өнүккөн. Шаарда улгайган жарандар үчүн кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн топтору бар.

Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандарды тейлөө боюнча социалдык кызматтарды уюштуруу үчүн, мамлекеттик социалдык заказдын социалдык талондордун (ваучер) негизинде социалдык кызмат көрсөтүү формасы колдонулат.

 

Коомдук пайдалуу максаты: Турмушу оор кырдаалдагы улгайган жарандарга социалдык талондорду (ваучер) берүү аркасында социалдык кызматтарды (мончо, чачтарач) көрсөтүү.

Максаттуу топ: Турмушу оор кырдаалдагы улгайган жарандар.

 

1.2.                Үй-бүлөлүк жана балдарга карата ырайымсыз мамиленин, зордук-зомбулуктардын алдын алуу

 

  Бүгүнкү күндө калктын социалдык абалынын начарлашынын негизинде ички жана сырткы миграциянын күчөшүнөн улам, алкоголдук, наркотикалык заттарга көз карандылык, балдардын кароосуз жана көзөмөлсүз калганга, зордук зомбулукка кабылышына негизги себеп болууда. Ош шаарында зордук-зомбулукка кабылган 2021-жылдын жыйынтыгында 10 бала катталса, 2022-жылдын 8 айында 19 учур катталган. Кыргыз Республикаснын “Үй бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук” коргоо жөнүндө “ Мыйзамы кабыл алынганына карабастан, зордук-зомбулуктун азайбай, аткарылган жумуштардын эффективдүүлүгү төмөндөгүлөрдүн негизинде начар болууда.

Оор турмушта жашаган үй-бүлөөлөр менен жана жашы жете элек балдар менен иш алып барууда; үй-бүлөөдөн зордук зомбулук көргөн, окууга тартылбай-барбай калган, жашы жете элек эмгектенген балдар, сексуалдык мүнөздөгү зордук зомбулук көргөн балдар, түнкү клубда ойногон балдар, тилемчилеп көчөдө жүргөн балдар менен иш алып баруу мезгилинде муниципалдык аймактык башармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармаларда айрым бир оор кырдаалдарга туш келет.

Азыркы мезгилде жогорудагыдай жаш өспүрүмдөрдүн жылдан жылга көбөйүшүнө себеп үй-бүлөөлүк институттардын баалулугун жоктугу болууда. Ошондуктан үй бүлөөнүн статусун жана  баалулугун жогорулатуу зарыл. Шаардын аймагында ички жана тышкы миграциянын деңгээли абдан жогору. Азыркы учурда үймө-үй кыдыруунун натыйжасында аныкталган ата-энелери калтырып кеткен эмгек мигранттарынын балдарынын саны 4321 баланы түзөт. Бул балдар ата-энесинин мээримисиз, камкордугусуз жана көзөмөлүсүз болгондуктан чоң стрессти баштан кечиришет. Жалпысынан алганда, балдар аярлуу болуп, мектепте жана үй-бүлөдө зомбулукка кириптер болуу тобокелчилиги жогору болууда. Натыйжада алардын окуудагы жетишүүсү начарлап, мүнөздөрү өзгөрүп, өзүн- өзү баалоосу төмөндөп, чыр-чатактуу, депрессивдүү болушуп, көпчүлүгүндө өз өмүрүнө кол салуу тууралуу ойлор пайда болуп жатканы байкалууда. Башкача айтканда толук кандуу эс алуу жана теңтуштары менен баарлашуусу жок. Ата -энелери чет жактарда болгондуктан балдардын бош убактысы толук кандуу уюштурулбайт.

Коомдук пайдалуу максат: Зордук-зомбулукка кабылган жашы жете элек балдарга социалдык, психологиялык жардамдарды көрсөтүү, жеке инсандык дараметин көтөрүү, бош убактысын туура уюштуруу аркылуу өз ара карым-катнаш күндөрүн жакшыртуу жана коомго аралаштыруу.

Максаттуу топ: 10-16 жаштагы балдар.

 

1.3.                Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык, психологиялык жардам берүүнү уюштуруу 

Ош шаары боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата 1052 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала катталган. Анын ичинен: церебралдык шал оорусу менен ооруган балдар -182, АИВ-КИВС энеден туулган балдар-14, АИВ-КИСВ балдар-38, 18 жашка чейинки балдар-818. 2021-жылдын 1-августуна карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 982 болгон.  Анын ичинен: церебралдык шал оорусу менен ооруган балдар -185, АИВ-КИВС энеден туулган балдар-11, АИВ-КИВС балдар-46, 18 жашка чейинки балдар-740.

Өткөн жылга салыштырмалуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 70 балага көбөйгөн. Акыркы учурда жаш балдардын арасында кант диабети, церебралдык шал оорусу, дауна, жүрөк кемтиги менен ооруган балдардын саны көбөйүп жаткандыгы байкалууда.

Майыптыктын себептерин аныктоо канчалык манилүү суроо, бирок ал бир эле нерседен келип чыгат деп айтууга болбойт. Анын бир нече себептери бар. Атап айтканда:

1.           Экологиялык терс таасирлер( тамак аштын сапаты);

2.           Уулануу( алкоголь, банги заттар, дары дармектер, химиялык заттар)

3.           Кош бойлуу мезгилинде энелердин кеч каттоого туруусу

4.           Медициналык тейлөөнүн начарлашы, дарылоо акысынын кымбатташы, ооруну алдын алуу иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү

5.           Жакын тууган адамдардын бири-бири менен никеге туруусу;

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча медициналык, психологиялык, социалдык  иш-чаралар комплексин аткаруу максатында Ош областык ДМЧ балдарды калыбына келтирүү борбору иштейт. Бирок, ДМЧ балдардын санынын өсүшүнөн улам аталган борбордо кезекке туруу, койкаларынын аздыгы толук кандуу реаблитациялоо жумуштарын жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды өз алдынча             жашоо-тиричилигин, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча медициналык, психологиялык, педагогикалык, билим берүүчүлүк, кесиптик, социалдык, юридикалык иш-чаралар комплексин уюштуруу максатында Ош шаарында кошумча күндүзгү окуу борборлордун ачуу зарылдыгы мезгил талабы. Ошондой эле жогорку окуу жай мекемелеринде логопед, психолог, укалоо кесиптери  боюнча даярдоо багытында алгылыктуу иш аракеттерди жүргүзүү абзел.

Коомдук пайдалуу максат: Ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте жашта (1,5-7 жаш) балдарга медициналык, социалдык, психологиялык жардам берүү.

Максаттуу топ: 1,5 жаштан 7 жашка чейин денсоолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

 

1.4.                Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жашаган адамдарды реабилитация жасоого туруктуу муниципалдык мекеменин жоктугу

 

Ош шаарында 2020-2021-жылдын кыш мезгилинде 132 селсаяк, 2021-2022 жылдын кыш мезгилинде 138 селсаяк катталып,                       Ош шаарынын мэриясы тарабынан 2020-2021-жылы кыш мезгилинде “Мусаада” коомдук фондуна 150 000 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын негизги милдеттеринин бири опурталдуу топторду социалдык жактан коргоо болгондуктан мамлекетибизде бул топтогу жарандарга көптөгөн  социалдык колдоолор белгиленген. Бул социалдык опурталуу топтун өкүлдөрү жашоо тиричиликтин оор кырдаалын жеңе албай, ошонун өзү менен өзүнө  жана айлана чөйрөгө зыян келтирүүдө. Опурталдуу топтогу жарандардын үй жайсыздыгы, тамак ашынын начардыгы, жашоосунун антисанитардык абалы биртоп инфекциялык оорулардын таралышына көмөк болууда. Опурталуу топтун өкүлдөрүнүн үй-жайы жоктугунан улам кыш мезгилиндеги тоңуп каза болуусу, документтерин калыбына келтирүү, майыптыгын белгилөө, медициналык жардамдарды көрсөтүү, тиешелүү социалдык колдоолорду көрсөтүү  ж.б. маселелерин чечүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Кыргызстанда үй жайсыздардын бирдиктүү маалымат базасы жок, бул жарандардын проблемаларына толук баа берүүгө, медициналык тейлөө жана майыптыкты белгилөө, пенсия жана жөлөк пулдарды чектөө жана төлөө, ишке орноштуруу, материалдык жардамдарды берүү жана коомго кайтаруу үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзүү мүмкүн болбой жатат.

Ошондуктан, жогорудагы аталган проблемалардын бирден-бир негизги чечүү жолу селсаяктарды реаблитациялоо, коомго адаптациялоо жана ар кандай социалдык, медициналык, юридикалык жардамдарды убагында көрсөтүү үчүн селсаяктар үчүн түнөк үйлөрдү ачуу. Бул жайды ачуунун негизги максаты – жашаган жери аныкталбаган селсаяктарды коомчулука аралаштыруу, пайдалуу эмгекке тартуу, тиешелүү санитардык –гигиеналык шарттарды түзүү, тиешелүү социалдык жардамдарды көрсөтүү  ж.б.

Аталган категориядагы жарандарга жардам көрсөтүү максатындагы убактылуу кармоочу жай жок болгондугуна байланыштуу, кыш мезгилинде белгилүү өлчөмдөгү акча каражаты бөлүнүп, коммерциялык эмес уюмдардын жардамы менен 3 ай  кызмат көрсөтүлүп келет.

Туруктуу жашаган жери жок селсаяк жарандар боюнча маселени чечүү максатында мамлекеттик социалдык заказдын негизинде ишке ашыруу сунушталды.

 

Коомдук пайдалуу максат: Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок селсаяк жарандарды социалдык коргоо, реабилитациялоо жана жардам берүү.

 

Максаттуу топ: Туруктуу жашаган жери жок селсаяк жарандар.

 

  

  1. 2.      Билим берүү жана агартуу

 

2.1                  Мамлекеттик кызматтардын санариптештирилгени боюнча калкты кабардар кылуу маселеси

Мамлекеттин негизги жана маанилүү функциясы-бул өз жарандарынын жашоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы технологиялары өнүккөн сайын натыйжалуу жана жөнөкөйлөтүлгөн болуп баратат. Бирок кээде жаңы технологиялар жана аларды жөнөкөй жарандардын жашоосуна киргизүү мегаполистин жашоочуларына Активдүү жеткирилбейт, анын айынан мамлекеттик же муниципалдык кызмат алуучулардын көпчүлүгү муниципалитет тарабынан тейлөө кызматын алууда ашыкча бюрократиядан жана бюрократиядан жапа чегишет. Бул маалымат чөйрөсүндө жергиликтүү маалымат каражаттары, ар кандай социалдык тармактар жана маалымат платформалары чоң роль ойношу керек.

Ошондой эле, азыркы учурда бардык муниципалдык кызматтар санариптештирилип, виртуалдык формага которулбагандыгын моюнга алуу керек.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын жашоочуларынын күнүмдүк ишинде МКТ колдонуу деңгээли экспонент боюнча өсүп жатат жана жашоонун бир бөлүгү гана эмес, күнүмдүк маселелерди чечүүдө көп учурда зарыл инструмент болуп калды. Бул ачкычта муниципалитет өз ара аракеттенүүнүн жаңы моделдерин иштеп чыгуу үчүн классикалык иш кагаздарын жүргүзүү методикасынан алыстап, заманбаптыктын реалдуулугуна көнүшү керек. Мисалы, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө кагаз маалымкаттарды суроону алып салуу, ошондой эле "бирдиктүү квитанция"принциби боюнча бирдиктүү электрондук төлөм системасын киргизүү.

Заманбап санариптик инфраструктураны киргизүү шаардыктар, мамлекеттик органдар жана жеке сектор менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы платформаларын түзүүгө мүмкүндүк берет. Акылдуу шаар "компоненттери болгон" акылдуу транспорт"," акылдуу жарык"," акылдуу окутуу "сыяктуу" акылдуу "чечимдерди кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк болот.

 

Коомдук пайдалуу максат: Мамлекеттик кызматтардын санариптештирилгени боюнча калкты кабардар кылуу.

 

Максаттуу топ: Ош шаарынын тургундары.

 

  1. 3.      Медициналык жардам

 

3.1                  Калк арасында, өзгөчө Ош шаарындагы кургак учук, гепатит жана АИВ-КИВС (ВИЧ-СПИД) сыяктуу жугуштуу ооруларын алдын алуу

 

Мамлекеттик структуралар, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынган чараларга карабастан Кыргызстанда АИВ (ВИЧ) инфекциясына чалдыккандардын саны өсүүдө.

АИВ-КИВС(ВИЧ-СПИД) – оорусу азыркы күндө актуалдуу маселелердин бири болуп калууда. 2019-жылы Ош шаары боюнча 1145 учур катталып, алардын ичинен эркектер 803 (70,2), аялдар 342 (29,8) учурду түзгөн. Жугуу жолдору боюнча: кан аркылуу жуктургандар 699 (61,1%), жыныс аркылуу 393 (34,3%), энеден балага 40 (3,5%), жугуу жолуу белгисиз 13 (1,2%) учурду түзгөн.

2020-жылы Ош шаары боюнча 1188 учур катталып, алардын ичинен эркектер 823 (69,3), аялдар 365 (30,1%) учурду түзгөн. Жугуу жолдору боюнча: кан аркылуу жуктургандар 704 (59,3%), жыныс аркылуу 426 (35,8%), энеден балага 41 (3,6%), жугуу жолуу белгисиз           17 (1,4%) учурду түзгөн.

2020-жылы 31-декабрына карата жалпы Ош шаары боюнча 415 (кумулятивдик саны) АИВ илдетине чалдыккан жарандар диспансердик көзөмөлдө турат. Ал эми 2019-жылдын 31-декабрына карата жалпы Ош шаары боюнча 423 (кумулятивдик саны) АИВ илдетине чалдыккан жарандар диспансердик көзөмөлдө турган 2019-жылга салмыштырмалуу диспанседик көзөмөлгө тартуу 3% өскөн.

2021-жылы Ош шаары боюнча 1229 учур катталып, алардын ичинен эркектер 848 (60%), аялдар 381 (31%) учурду түзгөн. Жугуу жолдору боюнча: кан аркылуу жуктургандар 703 (57,2%), жыныс аркылуу 466 (37,9), энеден балага 43 (3,5%), жугуу жолуу белгисиз                   17 (1,4%) учурду түзгөн.

2021-жылдын 31-декабрына карата жалпы  Ош шаары боюнча 483 (кумулятивдик саны) АИВ илдетине чалдыккан жарандар диспансердик көзөмөлдө турат.

2020-жылдын 30-декабрына карата жалпы 415 (кумулятивдик саны) ВИЧ илдетине чалдыккан жарандар диспансердик көзөмөлдө турган. 2022-жылга салыштырмалуу диспансердик көзөмөлгө тартуу 14% өскөн.

2022-жылы Ош шаарында АИВ инфекциясынын 40 жаңы учуру аныкталган, анын ичинен 29зу шаардыктар, 11и башка райондордон келгендер. 2021-жылга 31 учур, анын ичинен шаардыкы -18,башка райондордон келгендер-13. АИВ илдетинин жыйынтыгы менен                                   2022-жылы былтыркыга салыштырмалуу интенсивдүү көрсөткүч 2,1%га көбөйгөн. Көпчүлүк бейтаптар статусун ачыкка чыгаруудан коркуп, жашаган жери боюнча “Д” обсервациясына барууну каалашпайт.

Ош шаарында 2022-жылы вирустук гепатит оорусунун 69 учуру катталып, 2021-жылга салыштырмалуу 36 учурга көбөйгөн            (2021-жылы – 33 учур). Вирустук гепатит оорусунун Ар  түрү жалпы вирустук гепатит оорусунун ичинен 67 учурун түздү (97,1 %).

Кургак учук, гепатит жана АИВ-КИВС сыяктуу жугуштуу оорулардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу бул көйгөйдү                      Ош шаарындагы коммерциялык эмес уюмдарды тартуу аркылуу чечүү керек. Калк арасында, өзгөчө кургак учук, гепатит жана АИВ-КИВС ооруларын жугузуу тобокелчилиги жогору топтордун маалыматын жогорулатуу зарыл.

 

Коомдук пайдалуу максат: Калк арасында, өзгөчө Ош шаарындагы кургак учук, гепатит жана ВИЧ-СПИД ооруларын жугузуп алуу коркунучу жогору топтордун маалыматын жогорулатуу.

 

Максаттуу топ: Кургак учук, гепатит жана АИВ-КИВС(ВИЧ-СПИД) ооруларын жугузуу тобокелчилиги жогору топтор.

 

3.2                  Туугандык никелерин алдын алуу

Генетикада туугандар гендердин бир бөлүгү келип чыгышы боюнча жалпы болгон адамдар катары аныкталат. Эки адам, жок эле дегенде, бир жалпы ата-бабасы болгон учурда жакын туугандары деп эсептелет (ата-энеси, чоң атасы жана чоң атасы гана каралат).

Ош шаарынын калкынын арасында Үй-бүлөлүк медицина борбору жана анын филиалдары тарабынан аныкталган туугандык никелердин бүкүнкү күнгө саны -183 түзөт.

Генетикалык дарыгерлер жакын туугандыктын бир нече деңгээлин аныкташат:

  • Тууганчылыктын биринчи тартиби-эже-карындаштар жана бир туугандар, боордош эгиздер, Ата-энелер жана балдар. Бул мамиле бүгүн биз инцест деп эсептейбиз. Мындай байланыштардын натыйжасында оорулуу баланын пайда болуу коркунучу-60тан ашык%;
  • Тууганчылыктын экинчи тартиби-агалары жана жеңелери, жээндери, чоң энелери жана чоң энелери, ошондой эле жалпы ата-энеси бар бир тууган бир туугандар. Тукумдагы патологиянын тобокелдиктери-25%;
  • Үчүнчү тартип-бөлөлөр, өгөй агалар жана жээндер. Патологиялык тукум куучулук коркунучу аз, болжол менен 5%, бирок үй-бүлөдө буга чейин тыгыз байланышкан байланыштар жана тукум кууган генетикалык оорулар болбосо гана.

Башка жагынан алганда, бири — бирине тууган болбогон ата-энелердин генетикалык жактан ден-соолугу начар тукумдун пайда болуу коркунучу 2-3% түзөт. Башкача айтканда, бөлөлөр менен эже-карындаштардын ортосундагы никеден бир аз айырмаланат.

Туугандык даражасы жогору болсо дагы, инбридинг коэффициенти алыскы туугандардагы баланын курсагында жатканда өлүп калышы же акыл-эси начар же физикалык жактан өнүкпөй төрөлүшү үчүн жетиштүү болот. Бул пайыздык чен жана ага байланыштуу мыйзам ченемдүүлүктү жогорку категориядагы генетик окумуштуу, профессор жана генетика боюнча көптөгөн илимий адамдары изилдеп чыгышкан.

Алыс туугандык дагы коркунучтуу, анткени жубайлар кан байланыштары жана керексиз рецессивдүү гендин бар экендигин билишпейт. Андан кийин оорулуу баланын төрөлүшү күтүлбөгөн нерсе жана жубайлардын жыргалчылыгына абдан оор сокку болот.                Эч кандай байланышы жок адамдардын никесинде мутант рецессивдүү гендердин дал келүү аз пайызды түзгөндүктөн, балдар дени сак төрөлүшөт.

Туугандык никелердин социалдык-демографиялык аспектилерин баалоо көрсөткөндөй, алардын кеңири жайылышы көпчүлүк учурда экономикалык абалдын начардыгы, билимдин жоктугу жана социалдык камсыздандыруунун төмөндүгү менен байланыштуу.

 

Коомдук пайдалуу максат: Калк арасында туугандык никенин кесепеттери  жөнүндө маалыматы жогорулатуу.

 

Максаттуу топ: Жаштар арасында.

 

3.3                  Ата-энелердин жаш балдарга карата эмдөөлөргө каршы чыгуусу

Эмдөө боюнча социалдык тармактарда ар кандай туура эмес маалыматтардын таркалып жатышынан жана диний көз караштардан улам, кээ бир ата-энелер ымыркай наристерелерди жугуштуу ооруларга каршы эмдетүүдөн баш тартышып, балдардын укугун бузуп жатканын өздөрү деле аңдабай калышууда. КР “Балдар жөнүндөгү” кодексинин “Баланын ден соолугун коргоо укуктарынын негизги кепилдиктери” бөлүмүндө: “Ар бир бала жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынуучу ден соолукту коргоонун жана бекемдөөнүн жана медициналык-санитардык жардам алуунун ажырагыс укуктарына ээ”, - деп  жазылган. Балдар мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарга ээ болгонуна карабастан, кээ бир ата-энелер өздөрү каалагандай тартипте кичине балдарды эмдетүүдөн баш тартып келе жатышат.

Белгилей кетсек Ош шаарында 2022-жылдын 7 айга эмдөөдөн баш тарткандардын 66 учуру катталган, алардын ичинен эмдөөнүн коопсуздугунан шектенгендер-62, ал эми диний көз караштагы баш тартуунун 4 учуру катталган.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) аныктамасы боюнча эмдөөлөр медицинанын жалпы тарыхында жугуштуу  оорулардан, алардын өлүмүнөн жана майыптыгынан сактоочу натыйжалуу чара болуп саналат. Эмдөөлөр – бул коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын калктын арасында алгачкы медициналык  жана санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринин негизги максаты. Алдын алуучу эмдөөлөр – бул организмге белгилүү бир ооруларга  карата иммунитетти жакшыртуучу  биологиялык препараттарды куюу менен адамда спецификалык антителолорду иштеп чыгаруу максатында берилет.

Медициналык иммунобиологиялык препараттар бул вакциналар, анатоксиндер, иммуноглобулиндер, организмде жугуштуу ооруларды спецификалык кабыл албоону жаратуучу каражаттар. Вакциналардын түрлөрүнө токтолуп кетсем, тирүү вакциналар - алсыздандырылган тирүү микроорганизмди камтыйт, ОПВ – шалга, КПК – кызамык, кызылча жана тепмеге, БЦЖ-кургак учукка каршы берилет. Инактивацияланган – өлтүрүлгөн бүтүн микроорганизм – көк жөтөл, кептөөр, селейме жана менингококк жугуштуу ооруларга каршы. Субайрым – гендик инженерия ыкмалары менен алынган (ВГВ кара сарыкка пневмококко, ХИБ b-түрүндөгү гемофилияга каршы). Анатоксиндер – бактерияларды иштеп чыгуучу инактивацияланган токсиндерди камтыган вакциналар (АДС, АДС – М, b-түрүндөгү гемофилияга каршы) болуп саналат.

Вакциналардын курамындагы негизги компоненттер: микроорганизмдердин же алардын токсиндеринин бөлүктөрүнүн алсыздандырылган же инактивацияланган (өлтүрүлгөн) формалары. Көмөкчү заттары: вакциналарды сактоо  жана пайдалануу учурунда анын коопсуздугун, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жакшыртуу үчүн атайын кошулуучу заттар – бул алюмин туздары, антибиотиктер, консерванттар жана турукташтыруучулар. Вакциналардын курамында: көмөкчү заттар өтө аз өлчөмдө вакциналарда иммундук жоопту күчөтүп жана алардын  булгануусуна бөгөт коюу максатта кошулган. Ушундай эле консерванттар биз күн сайын колдонуп жаткан көптөгөн азыктарда камтылган. Мисалы: йогуртта, тетра пакеттеги сүттө, шире жана башкаларда бар. Кыргызстанда колдонулуучу вакциналар КООПСУЗ жана НАТЫЙЖАЛУУ болуп саналат. Жыл сайын болжол менен 3 миллион адамдын өмүрүн жана ден-соолунун сактайт.

 

Коомдук пайдалуу максат: Ата-энелердин арасында жаш балдарга карата эмдөө алуужөнүндө маалыматын жогорулатуу.

Максаттуу топ: Ата-энелердин арасында.

3.4                  Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте кийлигишүү жолу менен дарылоо аркылуу социалдык чөйрөгө кошуу

Ош шаарында 2022-жылдын 6 айга  карата ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү (ДМЧ) жарандар 7 360,  анын ичинен 18 жашка чейинки 1052 балдар түзөт.

Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 10-мартындагы № 94-б “Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жалгыз бой пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга Ош шаарынын мэриясынын стипендиясын ыйгаруу жөнүндө” буйругуна ылайык 100 адамга 400 сомдон стипендия каралган, анын ичинен 34 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 токтому менен бекитилген «Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө” типтүү Жобонун негизинде 162 жалгыз бой пенсионер үйүнөн барып тейленет, анын ичинен 26 оор кырдаалда жашаган, жалгыз бой ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлунда № 469 токтомуна ылайык 3 жаштан жогору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга майыптык кресло-коляска каралып, жыл башынан бери 11 бала көп тармактуу майыптык кресло-коляска  менен камсыз болушкан.  Азыркы күндө 37 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү  жаран майыптык кресло-коляска алуу үчүн кезекте турат.

Майыптуулукту  алдын алуунун бирден бир жолу - Республикалык денгээлде «Эрте табуу жана эрте кийлигишүү» программасын жайылтуу болуп эсептелет.

Ош шаарында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 23.01.2019-жылы чыгарылган № 33 буйрук боюнча Үй бүлөлүк медициналык борбору жана филиалдарынын врачтары жана медайымдары толук онлайн жана офлайн окуудан өтүшкөн. Ар бир адиске “Руководство по домашнему визиту к детям раннего возраста” деген китеп жана “Международное руководство по мониторингу развитие ребенка”окуу куралы таратылып берилген.

Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген коомдук пайдалуу долбоордун негизинде 100 бала (тобокел тайпа тобунан)көзөмөлгө алынып, кууш адистердин кароосунан өтүшкөн. Анын ичинен 13 бала  үй визитине алынып, атайын окутулган психологдор жана педагогдор үй бүлө жана бала  менен иш алып барып жатышат. Визит жумасына бир жолу аткарылат. Алты айдын ичинде энелерге 3 жолу эрте кийлигишүүнүн мааниси жана пайдалуулугу жөнүндө семинардык сабак өтүлгөн. Визитке алууда негизги критерий ата-эненин кызыгуусу эске алынат.

Мыйзам чегинде мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар берилгени менен бул категориядагы балдарды социалдык чөйрөгө кошуу үчүн күн сайын тиешелүү адистердин дарылоосу, кароосу зарыл маселе бойдон калып, чечилбей келет. Анткени илимий жактан аталган балдардын( аутизм, ДЦП) менталдык жактан аң- сезиминин начарлоосу жашы чоңойгон сайын прогрессивдүү өсөт. Ошондуктан бул категориядагы балдардын  кичине жаштан  адистердин  кийлигишүүсүнө мажбур экендигин негиз кылып  алуу менен мамлекеттик социалдык заказдын алкагында аталган долбоорду ишке ашыруу сунушталды.

 

Коомдук пайдалуу максат: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте жашта ( 1,5- 7 жаш) дарылоо менен социалдык чөйрөгө кошуу.

Максаттуу топ: 1,5 жаштан 7 жашка чейин ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар (аутизм, ДЦП).

 

  1. 4.      Социалдык ишкердик (коомдук пайдалуу максаттардагы ишкердик иш)

 

4.1                  Турмуштук оор кырдалга кабылган аялдарды үй шартында иш менен камсыз кылуу

Аялдардын социалдык абалы, жумушсуздугу сөзсүз коомго өз таасирин тийгизет. Аялдар иш менен камсыз болгондо, алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейет, каржылык өз алдынчалыгы пайда болуп, үй-бүлөгө керектүү шарттарды жаратууга, балдарын сапаттуу тамак-аш, кийим менен камсыздоого, алардын билим алуусуна, эс алуусуна умтулат.

Жумуш менен камсыз болгон энелер балдарды татыктуу ыймандуу, тарбиялоого, алардын физиологиялык өсүшүнө, сүйлөө речин, психо-эмоционалдык абалын такай көзөмөлдөп, энелик мээрими, сүйүүсү менен зомбулуксуз жашоону камсыз кылат. Жолдошу менен ынтымактуу жашап, балдарына үлгү боло алат.

Айрыкча балдардын өткөөл курагындагы психологиялык абалын байкап, керек болгон мезгилде психолог адистерге тиешелүү жардам алууга кайрыла алат. Балдарынын сүйлөө речиндеги кемчилдиктерине логопед, дефектолог адистерге кайрылат.

Жумуш менен камсыз болгон аялдар укуктук жактан билимдүү болуп, мыйзам чегинде ата-энелердин милдеттери жөнүндө көп окуп, билет. Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн, паспорт, ж.б. керектүү документтерин мамлекеттик органдан өз учурунда алып, мамлекеттен берилүүчү жеңилдиктерден пайдалана алат.

Балдарынын ден соолугу чыё болуп чоңоюшуна, туура тамактануусуна, баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө, спорт менен машыгуусуна көңүл бурат, шарт түзөт.

Жумуш менен камсыз болгон аял өзүнө болгон ишеними күчөт, өзүнө-өзү баа берүү жогорулайт, эл менен иштеп, коомдогу орду бааланат, Эң негизгиси бир кесипке үйрөнүп, тасыгат. Аялдар кайсы тармакты аркалабасын, коомдук тамактануу жайында болсун, тигүүчүлүк тармагында болсун, дыйкан чарбасында, талаачылыкта, мал чарбасында болсун иштин ырааттуулугун камсыздап, убакытты натыйжалуу пайдаланууга үй-тиричилигин кошо алып кеткенге үйрөнөт. Себеби иштебеген аялдар үй тиричилигиндеги жумуштарды бүгүнкүсүн эртеге калтырып, убакытты өткөнүнө көңүл бурбай, кайдыгер болушу мүмкүн.

Жумуш менен камсыз болгон аялдар аң-сезими жогорулайт, коомдук-саясий иштерге активдүү катышууга, элдин көйгөйүн көтөрүп, саясий өнөктүктүргө салым кошуп, эл өкүлү болууга мүмкүнчүлүк ала алат.

 

Коомдук пайдалуу максат: Турмуштук оор кырдалга кабылган аялдарды үй шартында иш менен камсыз кылуу жана алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Максаттуу топ: Турмуштук оор кырдалга кабылган аялдар.

 

  1. 5.      Көркөм өнөр

5.1                  Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн даңазалоо, жаштарга үйрүтүү курстарын ачуу

Көркөм кол өнөрчүлүк калк казынасы, атадан балага, энеден кызга өткөн мурас. Бул чыгармачылык өнөр элдин тиричилиги, турмуш шарттары менен тыгыз байланышып, элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн чагылдырат. Кол өнөрчүлүк — улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү. Кыргыздын элдик уздары жыгачтан, чийден, кийизден, булгаарыдан, металлдан жасалган кооз буюмдарын, ормо жана сайма жагынан чон мурастарын калтырышкан.

Кыргыз эли өзүнүн жашоо-тиричилигинде кийизден жасалган буюмдарды кенири колдонгон. Кийизден ар кандай кийим-кечектерди, төшөнчүлөрдү, ала кийиз, шырдактарды жана башка буюмдарды жасашкан. Ала кийиз, шырдактарды зор чеберчиликте оймо-чиймелер менен көркөмдөп, кооздоп жасашкан. Үй ондурушунун эзелки бир түрү — килем токуучулук болуп эсептелет. Килемдерди боз үйго илишкен, жерге салышкан, жүк жыйган такталардын, сандыктардын үстүн жаап коюшкан. Орто Азиянын көчмөн, жарым көчмөн калктарынын тарыхында чий чырмап, камыш согуп, буюм жасоо өнөрү байыртадан бери белгилүү. Оюу-чийүү түшүрүлүп чырмалган чий өзүнчөэле килемди элестетет.

Саймачылык  кыргыз элинин көркөм өнөрүнүн байыртадан бери кенири тараган түрү. Кыргыз аялдары үй-тиричилигине керектүү буюмдарын  туш кийиздерин, кийим-кечектерин, ат жабдыктарын ж.б. саймалап кооздошкон.

Ормочулук  кыргыздын үй өндүрүшүндө белгилүү орунду ээлеген. Койдун жунунон ийрип жип жасашкан. Ормокко таар согуп, тыш кийимдерди тигишкен, боз үйго керектүү боолорду, сызмаларды токушкан. Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн эн байыркы түрүнө темир устачылык жана зергерчилик да кирет. Темир усталар курал-жарактарды (айбалта, найза), айыл-чарба шаймандарын жана металлды, жыгачты иштеткенге ар кыл куралдарды жасашкан. Зергерлер күмүш ж.б. металлдардан ар түрдүү жасалгаларды жасап, аларды берметтер, асыл таштар, түстүү айнектер менен кооздошкон.

Териден жана булгаарыдан жасалган буюмдар көчмөн турмуштун шартында кенири керектелген. Ан жана үй жаныбарларынын терилеринен кийим-кечектерди, бут кийимдерди, кур, аяк каптарды, идиш-аяктарды (саба, чанач, коночок, көөкөр) колдолон, талпактарды, ат жабдыктарды жасашкан.

Жыгач усталар айыл чарба шаймандарын, боз үйлөрдүн тулкун, үй тиричилигине керектелүүчү идиш-аяктарды, үкөктөрдү, бешик, ыркүү аспаптарын, жип ийригенге ийиктерди ж.б. даярдашкан. Кол өнөрчүлүктүн кайсы гана түрүн албайлы, бардыгына тен, таланттуулук, укмуштуудай көп түрдүүлүк мүнөздү Алар элдин ой-тилегинин, тарыхынын жана маданиятынын үлгүсү.

 

Коомдук пайдалуу максат: Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн даңазалоо, жаштарга үйрүтүү курстарын ачуу

Максаттуу топ: Жаштар (18-25 жашы)

 

 

  1. 7.      Адам укуктары, анын ичинде расалык, этностук, диний, гендердик же басмырлоонун ар кандай башка формаларын жоюу

 

7.1                  Жашы жете элек кыздарды эрте турмушка узатуунун алдын алуу

Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары  жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна  кыздардын өз каалоосу менен, үй-бүлөлүк жакырчылыктан, жашы жете элек кыздардын эрте жыныстык жетилишинен жана үй-бүлөлүк тарбиядан жашы жете элек кыздар эрте турмушка чыгып жатат деп эсептейт.

Жашы жете элек кыздардын эрте 15, 16, 17 жаш курагында турмушка чыгуусунун натыйжасында эрте төрөгөндөр балдарын таштанды катары таштагандар болууда, турмуш куруп бирок жашы жете элек кыздардын жана аларды алган эркектердин ортосунда нике күбөлүк болбогондуктан эркектер милдеттеринен качып жаңы туулган наристе балдар атасыз чоңойууга себеп болуп жатат. Бул жагдайлардын алдын алуу үчүн ата-эненин жана эркектердин милдеттерин жоопкерчиликтерин туура жеткирүү керек.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 14-беренесинде көрсөтүлгөндөй  нике курагы он сегиз жаш деп белгиленет.  Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу.

Бирок жогорудагы жазылган мыйзам боюнчада элибизде кененирек маалымат жок болгондуктан мыйзамсыз нике кыйдырууга алып келүүдө жана бул жашы жете электин укук таламдарын тебелеп кетүүгө жол ачууда

 

Коомдук пайдалуу максат: Жашы жете элек кыздарды эрте турмушка узатуунун алдын алуу

Максаттуу топ: Жашы жете элек кыздар (16 жаштан 18 чейин)

 

7.2                  Балдарына тиешелүү документтерди өз убагында алуу маселесине ата-энелердин кайдыгер мамилеси жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн жоктугу.

Баланы туулгандыгы тууралу күбөлүгү анын, медициналык жардамдарга, билим алууга, жеңилдиктерди, жөлөк пул алууга, сот адилеттүүлүгүн камсыз кылууга болгон укуктарын белгилейт. Бирок тилекке каршы биздин көпчүлүк ата-энелер балдарынын туулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөрүп, туулгандыгы тууралу күбөлүк алуу маселесине кайдыгер карап жатышат. Убагында катталбаган баланын туулгандыгы тууралу күбөлүгүн алуу оор юридикалык процесс, көп убакытты жана чыгымдарды талап кылат, эң негизгиси баланын туулгандыгы каттоодон өтпөсө балдардын мамлекет тарабынан кепилденген укуктары камсыздалбайт.

Көпчүлүк учурда ата-энелердин өздөрүнүн документтери же паспорттору жок, демек алар балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайт. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 275-беренеси «Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу» бар жана бул мөөнөттү бузуу үчүн эскертүү берилип же 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Айрым ата-энелер айып пул үчүн балдарына документ алууну создуктурушат. Бул өз кезегинде балдар үчүн бир катар көйгөйлөрдү алып келет.

Ош шаарында турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана туулгандыгы тууралу күбөлүктөрү жок балдарды аныктоо максатында жүргүзүлгөн үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгында 2021-жылдын 12 айында 35 баланын, 2022-жылдын 6 айында 26 баланын туулгандыгы тууралу күбөлүктөрү жоктугу аныкталган. Оор эмгектин, соттук процесстердин жыйынтыгы менен тийиштүү мамлекеттер тарабынан күбөлүктөр калыбына келтирилди. Бирок көпчүлүк ата-энелердин бул маселе болгон мамилеси кайдыгер болуп келүүдө. Кийинчерек каттатам, убакыт бар, деп жүрүп, балдарын бала бакчага, мектепке, саламаттык сактоо мекемелерине алып келгенде баланын туулгандыгы катталбаганы чоң көйгөй жаралаганда гана ата-эне жоопкерчиликти сезе баштайт.

 

Коомдук пайдалуу максат: Балдарына тиешелүү документтерди өз убагында алуу маселесине ата-энелердин кайдыгер мамилесин жою

Максаттуу топ: Ата-энелер

 

  1. 8.      Коомдук тартип жана коомдук ынтымак

8.1                  Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмаштуулуктун алдын алуу

 

Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы коомдук тартипке жана жарандардын коопсуздугуна каршы жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санынын өсүшү.

Ош шаардык мамлекеттик статистикалык башкармалыгынын 01.01.2022-жылдын маалыматы боюнча Ош шаарында 137 469                  (2021 жылы – 106 026) жаш өспүрүмдөрдүн саны жашаганы такталган. Анын ичинен : 0-7 жашка чейин -70 455, 7- 14 жашка чейин -44510, 14-18 жашка чейин -22 504 жаш өспүрүм жашаганы такталган.

Шаар аймагында 10 жогорку окуу жайы, 4 колледж, 3 кесиптик лицей болуп, аларда башка облус жана райондордон келген жогорку жана орто окуу жайларынын, колледж жана кесиптик лицейлердин студенттеринин (жаш оспурумдордун) саны болжол менен 70 312. Ар бир кызматкерге орточо 2130 дөн жаш өспүрүм келет.

Ал эми шаар аймагында 81 мектептен шаардык билим берүү башкармалыгына  караштуу 55 мектеп, билим берүү министрлигине караштуу 2 лицей (№ 28 У.Салиева атындагы, көзү Азиздер), “Жетиген” атындагы  республикалык мектеп жана 23 менчик мектеп бар. Жалпы мектеп окуучулардын саны 81052.

Ошондой эле мектепке чейинки 45 мамлекеттик жана 33 жеке бала бакчаларда 15460жаш өспүрүмдөр, андан сырткары базалык билими бар , учурда 18-жашка чейинки окубаган жана башка региондордон келген 10000ге жакын жаш өспүрүмдөр бар.

Рейд убагында өздүгүн тактоо үчүн 992 (2021-ж-.404) жаш өспүрүм аныкталып, алардын ичинен тилемчилик жасап жургөн -127 жаш өспүрүм, максатсыз көчөдө жүргөн -340,  иштеген балдар -156, жашоо шарты оор -27 жаш өспүрүм, ал эми эс алуу жайларда , ашканаларда  жана интернет-кафелерден- 342 жаш өспүрүм балдар аныкталып алар менен жана  ата-энелери менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү .

2022-жылдын 7-айында ЖЖИ кызматкерлери, кароосуз калган 89 жаш өспүрүмдү аныктап социалдык приюттарга жайгаштырган.(2021ж.-55).

2022- жылдын 7- айында каттоого алынган жаш өспүрүмдөрдүн саны 87 (2021-ж.-45), каттоодон чыгарылгандардын саны 116 (2021-ж.35), 2022-жылдын 1-июлга  карата 40 (2021-ж.53)  жаш өспүрүм каттоодо турат.

2022-жылыдын 7- айында каттого алынган жаш  өспүрүмдөр тарабынан  жасалган  кылмыштардын саны 66 түзгөн, анын ичинен зордуктоо-2, уурулук-31, тоноо-16, каракчылык-3, авто унааны айдап качуу-2, алдамчылык-12, алардын ичинен: мектеп окуучулары- 3, техникалык  окуу жайында  окугандар-2, атайын орто окуу жайларда окугандар (ССУЗ)- 5, эч жерде окубаган, иштебегендер-49, жаш өспүрүм  кыздар-9, жаш өспүрүм балдар-50, 14 жаштан 15 жашка  чейинки  өспүрүмдөр-9, 16 жаштан 17 жашка  чейинки  өспүрүмдөр-50.

Маалымат-аналитикалык борбордун тактамасы боюнча 2022-жылдын 7 айында балдарга, өспүрүмдөргө, жашы жетелектерге карата зордук-зомбулук көрсөтүү 19 учур катталган.

Мындай укук бузууларды жана кылмыштарды жасаган жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы коомдук көпчүлүгү коомго социалдашуусу жана интеграциялануусу толук мүмкүн.

 

Коомдук пайдалуу максат: Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын санын азайтуу.

 

Максаттуу топ: Укук бузууларды жана кылмыштарды жасаган жаштар (14 жаштан 18 чейин).

 

  1. 9.      Мигранттарга, аргасыз көчүп келгендерге жана качкындарга жардам

 

9.1                  Мигрант ата-энелердин балдарынын укуктарын толук кандуу коргоо

Учурда коомдогу социалдык-экономикалык абалдын туруксуздугу, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн жашоо абалынын комплекстүү көйгөйлөргө кабылуусуна алып келет. Коомчулукта ар жыл сайын оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн саны да  көбөйүп жатат. Кыргыз Республикасындагы Эмгек жана социалдык өнүгүү Министирлигинин билдирүүсүнө карасак 2021-жылдын башынан бери             5 521 үй-бүлө, оор турмуштук кырдаалда деп табылган.

Мына ушул жана башка социалдык, экономикалык жагдайлардан улам башка чет өлкөгө жумуш издеп, же болбосо Кыргызстандын ичинде чоң шаарларга жумуш издеп кетип жаткан жарандардын саны да күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул өз кезегинде өлкөбүздөгү үй-бүлө институтуна терс таасирин тийгизип жатат. Анткени калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү, мындайча айтканда ата-эне үй-бүлөдөн алыс жакта, узак убакытка кетип үй-бүлөнүн керектөөлөрү үчүн каражат табууга мажбур болуп жатат. Жашы жете элек балдар көп учурда улгайган чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси, же дагы бир туугандары, кээде өздөрү жалгыз деле, айрым учурларда үй-бүлөгө байланышы жок тааныштарына, кошуналарына деле таштап коюп жатышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2021-жылга берген маалыматына таянсак Кыргыз Республикасы боюнча 84000  эмгек мигранттарынын балдары ата-энесинин кароосуз калган, официалдуу эмес маалыматтар боюнча алганда бул цифра 3 эске көп болушу мүмкүн.

Мындай мамиленин жыйынтыгы жашы жете электерге карата жасалган ырайымсыз мамиленин, зордук-зомбулуктун жогорку ылдамдык менен өсүп жатышына, өспүрүмдөр арасындагы суициддин көбөйүп жаткандыгына алып келип жатат.

Ош шаарында эле 2019-жылдын башында үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы менен ата-энесинин кароосу жок калган эмгек мигранттарынын 4321 балдары аныкталган. Ош шаарында ички миграция да аябай өнүккөн, аймактардан келген жарандарыбыз көпчүлүгү каттоосу жок жашашат. Туруктуу жашаган жери жок жылып жүрушөт. Ошондуктан жогорудагы цифра күндөн-күнгө озгөрүшү мүмкүн. Алардын дээрлик бардыгы Кыргыз Республикасында “Камкорчулукту жана көзөмөлдү уюштуруу жонүндөгү” атайын мыйзамдын бар экенине карабастан, эч кандай тастыктоочу документи жок туугандарына, тааныштарына жашы жете элек балдар жоопкерчиликсиздик менен ташталып коюлган. Мыйзамсыз, эч кандай тастыктоочу документи жок, эч кимдин жоопкерчилиги каралбаган учурда ал алсыз, кичинекей, өзүн-өзү коргой албаган балага карата зордук-зомбулук болбойт деп ким кепилдик бере алат. Ал ташталып жаткан баланын психологиялык, эмоционалдык абалы, коомдогу социалдык адаптациясы учүн ким жооп берет. Анын жашоо-шарты кандай деңгээлде өтүп жатат ким козөмөлдөйт.

Мына ушундай көйгөйлөрдүн баары: калктын материалдык абалынын төмөндөшүнө жана коомдогу социалдык-экономикалык абалдагы болгон өзгөрүүлөргө, үй-бүлөдөгү үй-бүлөлүк нарктын жана баалулуктардын жок болуп баратышына ж.б. түрткү берип жатат. Ушул аталган себептерден улам үй-бүлөдөгү психологиялык чөйрө бузулуп мамилеси өзгөрүлүп, биздин ата-энелерибиздин тарбиялоо тажрыйбасы жокко эсе болуп калып атат. Мындай психологиялык абал  муундан-муунга чейин тасир берип, мындай балдар коомчулуктун, мамлекеттин тышкы кийгилишүүсүнө муктаж болуп, атайын реабилитациялык жана социалдык колдоого муктаж болуп жатат.

Эмгек мигранттарынын ата-эненин кароосу жок ташталып жаткан балдардын абалы, ал үй-бүлөдөгү пайда болгон кырдаалдын оорчулугуна жараша аны чечүүдө ар кандай абалда болот. Кээ биринде ата-эненин кароосу жок калса да чоң-ата, чоң энесинин колунда, же жакын туугандарынын колунда мээрим менен, туура тарбия менен, материалдык муктаждыгы жок чоноюп жаткандары да бар. Кээ бир балдарды карап жаткан үй-бүлөлөрдө олуттуу эмес көйгөйлөр болуп, ал көйгөйдү тактап аны чечүү жолдорун көрсөтүү гана жетиштүү болсо, ал эми башка дагы бир эмгек мигранттарынын балдарын оор кырдаалдан чыгаруу үчүн оор түрдөгү моралдык, интелектуалдык жана финансылык ресурстарды талап кылган абалда болушат. Мындай балдарга узак убакыттагы психологиялык-социалдык, укуктук жана социалдык жетектөө талап кылынат, жана андай балдарга жардам берүүдө үй-бүлөдөгү абалды катуу  көзөмөлдөө керек болот. Мындай үй-бүлөлөр менен атайын даярдалган багыттагы долбоорлор менен иштеп, социалдык колдоо механизмдерин тиешелүү тармактардын кызматкерлери менен чогуу иштеп чыгып, аларды атайын даярдыктардан өткөрүп, социалдык жетектөнү активдүү колго алууга  туура келет.

 

Коомдук пайдалуу максат: Мигрант ата-энелердин балдарынын укуктарын толук кандуу коргоо.

 

Максаттуу топ: Мигрант ата-энелердин балдары. 

 

 

Программаны ишке ашыруу механизмдери

Социалдык көйгүйлүү маселелерди чечүү жана программанын коомдук пайдалуу максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик социалдык заказдын мыйзамда күрсүтүлгөн бардык түрлөрү колдонулат.

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда Программанын иш-чаралар планына ылайык кызматтарды көрсөтүү боюнча конкурстарды уюштуруу, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген коомдук пайдалуу долбоорлорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жүргүзүлөт.

Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын жооптуу бөлүмдөрү жана гранттык комиссия ушул Программанын иш-планына ылайык мамлекеттик социалдык заказдары боюнча конкурстарды уюштурат жана мамлекеттик  социалдык заказ боюнча аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгына жана эффективдүүлүгүнө баалоо жүргүзөт.

Мамлекеттик социалдык заказ боюнча конкурста жеңүүчү болуп табылган жана социалдык кызмат көрсөтүүгө тартылган уюмдар            иш-чаралар планын аткарылышы жана контракттын негизинде каражттардын пайдаланышы жөнүндө үзгүлтүксүз маалыматтарды берип турууга милдеттендирилет.

Маалымат берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчу топ менен жооптуу структуралык бөлүмдөр тарабынан аныкталып, техникалык тапшырмага жана кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлүүчү келишимдерге киргизилет.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });